Бүгүн республика боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясы эки жылдан бери биринчи жолу оффлайн башталды.
Буга чейин 2 жыл бою экзамен пандемияга байланыштуу окуу процесси аралыктан өткөндүктөн жыл ичиндеги өздөштүрүүсүнө ылайык экзамендин баалары коюлуп келген. Мектеп бүтүрүүчүлөр 5 дисциплина, анын ичинен 4 милдеттүү, 1 тандоо боюнча сынак тапшырат.
Ак-Талаа району боюнча учурда 11-класстын 483 окууусу кыргыз тили сабагынан, ал эми 9-класстын 652 окуучусу математика сабагынан сынактык жазуу иштерин аткарууда.
Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин директору Замира Абдрахманованын айтканына караганда мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациянын инструкциясына ылайык сынак өтүүчү бөлмөлөр алдын ала даярдалып, предметтик комиссиялар түзүлгөн.
«Экзамен саат 9.00дө башталат. Ар бир предмет боюнча тапшырмаларды аткаруу убактысы белгиленген. 4 астрономиялык сааттан ашык болгондо окуучуларга 10-15 минут тыныгуу берилет. Ал эми талаш-тартыш болгон учурда аппеляциялык комиссия түзүлөт”,- дейт.
Быйыл бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоо сынактары 22-июнда аяктайт.
Барчын Мамытбекова