Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө чөлкөмүндөгү жайыт жолу оңдолду.
Баетов айылдык жайыт комитетинин төрагасы Медер Асаналиевдин айтымында, аталган жол союз учурунда малчылардын көчүп-конуусу үчүн салынган. Союз тарагандан бери кароосуз калган Кара-Суу жайлоосунун Кара-Дөбө чөлкөмүндөгү жайыт жолу кайрадан оңдоодон өткөрүлдү.
«Бул илгери салынган жол экен. Кара-Дөбөдөн тарта Ак-Чий айыл аймагындагы Турук чөлкөмүнө кете турчу жолго чейин жасадык. Андан ары Бабачал чөлкөмүнө өтүп кетишсе болот. Жумуш 2 күндө бүткөрүлдү. Аталган чөлкөмгө жаз-күз мезгилдеринде малчылар жайлашат», — деди М.Асаналиев.
Барчын Мамытбекова