11-июнда Кыргызстандын бардык мектептеринде мамлекеттик сынак башталды. Сынак мурунку жылдардан айырмасы, тапшырмалар электрондук вариантта келди. 11-класстар кыргыз тили жана адабияты сабагынан, 9-класстар математика сабактарынан жазуу түрүндө сынак тапшырышты.
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебиндеги сынактын жүрүшүн төмөнкү сүрөттөрдөн көрө аласыздар.

Мектеп жетекчилери бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөздөрүн айтып, ийгилик каалашты

11-класстын окуучулары тапшырмалар менен таанышууда

Мектептин алдыңкы окуучусу Айтолкун Темирбек кызы «Кыргыз деген элим бар» аттуу теманы тандады

Экзаменатор Алымкан Жунушова ар бир окуучуга багыт берүүдө

11-класстын класстын класс жетекчиси Клара Жунушова окуучулардан кем эмес толкундап жатат

Окуучулар: «Кайсы теманы тандасам?»

Ал эми 9-класстын окуучулары математика сабагынан сынак тапшырышты

Окуучулардын жүздөрүндө толкундоо бар, сынак тапшыруу оңой эмес

Мына азыр сынак башталат

Математика мугалими Алма Асанова тапшырманы чыгаруу жолдорун түшүндүрүүдө

9-класстын класс жетекчиси Дамира Турсунова

Сынак кызыган учур

Алымкан Жунушова дагы бир сыйра окуучуларга багыт берүүдө

Сынак бүтөөрүнө жарым саат калды
Бакыт Кожокматов
Бул мектептеги башка иш-чаралар менен таанышыңыздар