Болот Алаков атындагы орто мектебинин окуучусу Саламатнур Маратова 11-февралда Бишкек шаарында өткөн «Саамалык 12»китебинин ачылышына катышып келди.
Анын төрт ыры бул китептен орун алды. Ачылышы тууралуу Саламатнур Маратова кабарчыбыз Дастан Акатовго айтып берди:
«Менин бул китепке ырларымдын чыгышына көмөк көрсөткөн, журналист байкебиз Элдияр Элчибековго терең ыраазычылык билдирем. Элдияр байке маалымат берип, ушул китепке ырым чыгып калды. Биринчи сынак жарыяланып , интернет аркылуу жибергем. Жыйынтыгы келип ырларым чыкты. Бул талант мага атамдан өткөн. Келечекте кайсы кесиптин ээси болбоюн, ыр чыгарууну токтотпойм.
Бугун куну эртен корбой жоктойсун,
Эх, убакыт, сен зымырык окшойсун.
Бакыт менен канат байлап журсон да,
Ачуу чындык олум менен токтойсун».
Саламатнурдун класс жетекчиси Алтынгул Молдасанова окуучусунун ыры китепке чыгышына толкундангандыгын жашырган жок:
«Саламатнурдун ырлары китепке чыгышы мен үчүн чоң сыймык. Себеби буга чейин эле Саламатнур эң жакшы чыгармаларды жазып келген. Анын ырчылык дарамети ушул китепке чыккан ырларынан билинди. Бул Саламатнурдун ыр чыгаруусунун алгачкы кадамы. Келечекте өзүнүн жеке чыгармачылыктагы ырлар жыйнагы чыгат деп ойлойм».
Саламатнур мындан ары болуп жаткан окуяны баяндап жазууну пландаштырууда.
Даярдагандар: Кылымбек Кулукеев
Умутай Аттокурова
Дастан Акатов