Кара-Талаа айылынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү кышкы каникулда Secom билим берүү борборуна барып билимин тереңдетип келишти. Алар каникул учурунда үч жумалык убакытка Бишкек шаарында жалпы республикалык тестке даярданышты. Болот Алаков орто мектебинен жалпы 11 окуучу катышты.
Secom окутуу борборуна барып келген Нуркыз Нурлан кызы кабарчыбыз Сейтек Мукашевке айтып берди. Secom го барган окуучулар О.Р.Тга даярданып бюджеттик окууга үмүтү бар экенин билдирди.
Жалпы республикалык тестирлөөдө ата-энелер балдарын жогорку балл алса экен деген үмүттө. Эгеде О.Р.Тдан балы жогору болуп бекер болсо жумасына кеткен миң сому өзүн-өзү актаарын айтты.
Мугалимдер мындай билим борборлору окуучуларга билимин тереңдетүүгө жардам берет деген ойдо:
«Мектептин жана кошумча окуулардын жыйынтыгы бүтүрүүчүлөргө мыкты жыйынтык берет деген үмүт бар».
Азыркы учурда бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөгө катуу даярданышууда.
Даярдагандар: Жанылай Тилекова,Сейтек Мукашев,Айдай Узакова.