Мындан 15-20 жыл мурда ата-энелер Акжол, Намыс деген аттарды жакшы тилек менен балдарына коюп келишкен. Ушундай аталыштагы нерселер эл арасында пайда боло калып, туура эмес жактарын көрсөткөндүктөн жаштар арасында түпкү маанисиндеги кадырын жоготту. Ошол себептүү кийинки муун ушул сөздөрдү кабыл алгысы келбей калды. Уккусу да келбейт” дейт “Адеп башаты” прогрессивдүү коомдук фондусунун өкүлү М.Таласбаев.
Ал эми “Ыйык Ата Журт” уюмунун өкүлү Умаров Мирлан “тарбия бир эле учурда ата-эне, мугалим тараптан бирдей болбосо билим жыйынтык бербейт” деп ойлойт. Үчөө байланышта болуусу керек” дейт.
Мындай жолугушуу Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде алгачкы жолу өтүп жаткандыктан мугалимдер жигердүү катышып, суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле мектеп жетекчилиги мүнөзү оор балдар жана ата-энелер менен жолугушууларга келип берүүлөрүн өтүндү.
Даярдаган: Б.Мамытбекова