Бүгүн 15.02.2016- жылы Сүлүктү шаарында Ооган Жоокерлеринин күнү салтанаттуу белиленди. Бул жыйынга сүлүктүлүк 25 Ооган жоокерлердин 21 катышты. Ооган Согугунун Ардагерлерин шаардын жетекчилери, Шаардык Кенештин депутаттары жана Сүлүктү-Лейлек биргелешкен аскер комиссарынын орун басары, капитан Т. Момуналиев келип куттуктады.
Ооган жоокерлерин куттуктоодо Өзгөчө шаардык Кеңешин Депутаты, Кызыл-Булак шахтасынын директору Карабаев Исманали Джумабаевичтин жасаган иштери башкаларга үлгү болду. Бул Инсан ооруп каза болуп калган Ооган жоокерлеринин үй-бүлөлөрүнө 500 кг көмүр жеткирип, Рыскулов Икрамжанга Кушматов Бегалиге 500 кгдан БК (ирик көмүр) үйлөрүнө жеткирип берди.
Ошондой эле башка шахталардын жетекчилери, жалпы эле ишкерлер материалдык белектерди беришти.
Өзгөчө шаң кошуп, урмат белгиси үчүн Ички иштер кызматкерлери «Залп» менен ок чыгарышты.
Кабарчы: А. Тухтаров