Балыкчы шаарында улуттук маданиятты даңазалаган “Өнөртай – 2025” фестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. 28-апрелде башталган иш-чара үч күнгө созулуп, 30-апрелге чейин уланат.Бул фестиваль Балыкчы балдар билим берүү борборунун демилгеси менен шаар мэриясынын колдоосунда сегизинчи жолу уюштурулууда. Быйылкы фестивалга 700дөн ашык окуучу катышып, өздөрүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүшүүдө.
Катышуучулар эстрадалык ырдоо, манас айтуу, төкмө ырчылык, драма коюу, бий, комуз чертүү жана сүрөт тартуу өңдүү бир катар багыттарда күч сынашууда.
“Өнөртай – 2025” фестивалынын максаты — жаштардын талантын өрчүтүү жана алардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын негизинде өткөрүлүп жатат.
Зубаржад Жалилова, Адинай Идирисова