“Жооптуу бол!” Өзүңүздү жугуштуу эмес оорулардан сактаңыз! акциясы Суусамыр айыл аймактык ооруканасында старт алды. Акцияны Суусамыр айылдык ден соолук комитети жана оорукана кызматкерлери менен бирге өткөрүп жатат. Акциянын негизги максаты мырзалардын саламаттыгын текшерүү.
Акциянын жүрүшү.
Бул туурасында Айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси Нурзат Райымбекова буларга токтолду:
“Бул акция негизинен Кыргыз Республикасында Саламаттыкты сактоо министирлиги тарабынан 18 жаштан жогорку эркектер арасында 1-30 апрелге чейин жарыяланды. Бизде Суусамыр өрөөнү боюнча дагы өтүп жатат.
Жугуштуу эмес оорулар-бул өнөкөт жай өрчүгөн оорулар. Алардын негизги түрлөрунө жүрөк кан-тамыр оорулары, рак шишиги, өпкө оорулары жана кант диабети кирет. Бул ооруларды пайда кылуучу негизги факторлору: тамеки чегүү,алкоголдук ичимдиктерди ичүү, туура эмес тамактануу, физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги.
Жугуштуу эмес оорулардын пайда болуусуна эркектер көбүрөөк кабылышат. Өлкөдө ар бир экинчи эркек адам тамеки чегет, алкоголь ичет жана ашыкча салмакта болушат. Ошону менен катар жогорку артериялык кан басымы бар болот. Ошондуктан Кыргызстан боюнча бул акция өтүп жатат. Мырзалар ооруканаларга келип, текшерилип бекер медициналык кеңеш алып кетиниздер демекчимин. Дени сак эркек-өз үй-бүлөсүнүн тиреги экендигин унутпашы керек”.
Акциянын жүрүшү туурасында ооруканага келген мырзалардын саламаттыгын текшерип жаткан медайымдарга кайрылдык. Суусамыр айыл аймактык ооруканасынын медайымы Гулсайра Уметова:
Суусамыр айыл аймактык ооруканасынын медайымы Гулсайра Уметова
“Акциянын жүрүшү мырзалардын саламаттыгына кам көрүү максатында болгондуктан текшерүү жүрүп жатат. Алардын бою, салмагы ченелет. Андан тышкары кан басымы текшерилип, алкоголдук ичимдиктерди ичүүсү, тамеки тартуусу, физикалык активдүүлүгү каралат. Мына ушулардын негизинде атайын ар бир мырзага бланктар толтурулат. Мырзалардын ден соолугу чың болуш үчүн туура тамактанып, көнүгүүлөрдү жасап туруулары кажет. Эң негизгиси тамеки тартпай арак ичпеши зарыл. Мына ушул эрежелерди сактаса гана ден соолукта болушат деген ойдомун.
Бул «Жооптуу бол” акциясы болгондуктан, мырзалар жоопкерчиликтүү мамиле жасап, ооруканага келип бериңиздер”,-дейт медайым.
Ал эми бул акциянын айылда өтүп жатышын мырзалар да туура кабыл алышкандыгын билдирип жатышат. Алардын бири Суусамыр айылынын тургуну Бердике Кулубаев:
Суусамыр айылынын тургуну Бердике Кулубаев.
“Мен бул акция тууралуу Айылдык ден соолук комитетинин кызматкерлеринен угуп келип текшерүүдөн өттүм. Бул текшерүү биз үчүн абдан маанилүү болду. Анткени дайыма эле ооруканага кайрыла бербейбиз. Салмагыбыздын өсүшүн, түшүүсүн дагы биле бербейбиз. Качан гана ооруганда ооруканага кайрылып келебиз. Биздин ден соолугубузга кам көрүлүп жаткан жакшы акция болду. Ар бир мырза өзүнүн ден соолугуна кам көрүшү керек. Физикалык жактан активдүү болуп, тамеки тартпай спорт менен анча- мынча болсо дагы алек болуусу шарт. Ошондо гана ден соолук мыкты болот эле.Биз бул акциянын алкагында көптөгөн медициналык кеңештерди алдык”, -деди.
Азиза Тамчиева