Кочкор районунун Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинин студент балдары Кара-Тоо айылдык ФАПта ден соолугун текшерте алышты. Бул иш-чара “Жооптуу бол” акциясынын негизинде өткөрүлүп жатат.
Кара- Тоо айылынын үй- бүлѳлүк медайымы Кайрат Ишембиева ФАПта текшерүү жүргүзүп жатат. Анын оюнда азыр оруулардын баары жашарып, жаш балдар кант диабет болуп, кан басымы кѳтѳрүлүп, инсультка чейин барып жатат. Ошондуктан алдын-ала текшерилүү маанилүү дейт:
“Райондо “Жооптуу бол”деген 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектер арасында ден соолугун сактоо боюнча бир айлык акциясы жүрүп жатат. Мунун негизги максаты ооруларды табуу. Бизде атайын протоколдор бар, мында болсо жугуштуу эмес оорулар болуп инфаркт, кан тамыр, кан басым, кант диабети кирет. Ошол орууларды табуу максатында текшерип жатабыз. Учурда жаштардын оорусу кѳбѳйүп жатканына байланыштуу алдын алуу боюнча кароо жургүзүлүдѳѳ”, -деди.
№15 кесиптик лицейдин медайымы Кубул Жумакадырова балдарды жетектеп ФАПка алып барды. Медайым балдардын саламаттыгы тууралуу мындай дейт:
“Акцияны өткөрүү боюнча 1-апрелден баштап буйрук келди. Анын негизинде группаларды кыдырып, 18 жаштан жогору балдарды чогултуп ФАПка алып барып келдик. Ал жакта балдардын ден соолугу таза чыкты”.
Байаман Темирбеков №15 кесиптик лицейдин студенти. Ал ФАПка барып саламаттыгы тууралуу маалымат алып келди:
“Биз ФАПка барып боюбузду, салмагыбызды, кан басымыбызды текшерттик. Бул биз үчүн пайдалуу болду”.
Белгилей кетсек, бул акция 2022-жылдын 30-апрелине чейин Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарында өткөрүлөт.
Медина Турдубекова, Элнуру Сардарбекова, Төлөн Токтосун кызы