Кочкор районунун Кара-Суу айылында жазгы жер айдоолор башталып, күйүүчү майдын кымбатташынан улам айыл тургундарында көйгөйлөр жаралууда.
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Алымбек Мамырбаев жазгы талаа иштерине болгон даярдыкка мындай деп жооп берди:
«Бүгүнкү күндө жалпы Ак-Кыя айыл өкмөтүндө бардыгы 10 гектар жер айдалды. Быйыл бизде сугат иштери кечеңдеп жатат. Себеби бул Суу чарба башкармалыгынын балансында экен, аларда техника аз болгондугуна байланыштуу жетише албай жатышат , бизде Топон — Арык каналында тазалоо иштери 14-апрелде башталат, техника жетиштүү болсо, жумушту кыска убакыттын ичинде бүткөрүүнү пландап жатабыз. Андан кийин дыйкандарга толук суу бериле баштайт. Күйүүчү майдын көтөрүлүшүнө байланыштуу баалар өсүп атат. Бирок жетиштүү деңгээлде районубузда күйүүчү майлар бар. Дыйкандар күйүүчү майды өздөрү аракет кылып алып жатышат. Учурда Айыл банкы тарабынан сапаттуу үрөндөрдү сатып алууга насыяга берилип жатат. Ал эми тракторлор жетиштүү ”.
Ушул эле суроого Ак- Кыя айыл өкмөтүнүн жер адиси Рахатбек Музаканов мындайча жооп берди: “Жазгы талаа иштери өз убагында жүрүп жатат. 10-15 күн мурун айыл тургундары чогулуп суу берүүчү каналдарды тазаладык , жакында дагы тазалоо иштери жүрөт. Азыркы күндө техника менен тазалап жатышат. Дайыма 15- апрелде корук башталат. 15-апрелге чейин элдин малдар талаада болот. Андан кийин тоого айдап чыгып кетишет же болбосо үйлөрүндө багышат, андан соң талаа иштери жүрө баштайт, азыркы күндө 10 гектардай жер айдалды. Дыйкандар Айыл банк аркылуу Россиядан келген үрөндөрдү алса болот. Айыл өкмөт суу маселесин өз убагында көзөмөлдөп берсе бизге чоң жардам болмок. Күйүүчү майдын кымбатташы дыйкандарга бир топ көйгөйлөрдү жаратып жатат”.
Кара-Суу айылынын тургуну Айгул Исаева жазгы талаа иштерине болгон даярдыгын мындайча билдирди:
“Жазгы талаа иштерине болгон даярдык өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша болуп жатат. Картошка, малга чөп, арпа, буудай айдайбыз. Ушундай чарбачылык менен жашап жатабыз . Айыл өкмөттөн жардам боло элек, эл өзү менен өзү жашап жатышат. Айыл өкмөт элге карамдуу болуп, техникасынан майынан жардам берип эки жактан үрөн алып берсе болду. Азыркы учурда май кымбаттап, жер айдоонун баасы да кымбаттап жатат”.
Асель Эркинбек кызы, Айпери Шаршеналиева