Кочкор районундагы №15 кесиптик лицейдин тигүүчү кесибинин устаттары жумушсуз кыз-келиндерди тигүүчү кесибине жеринен барып окутуп келишти. Бул иш-чара Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду.
Кесиптик лицейдин тигүүчү устаттары Эльвира Ормукова жана Элмира Сабатаева, Комсомол жана Осовиахим айылдарына барып, Электр машинасына отурууну, коопсуздук техникалык эрежелерин сактоону, ылдамдыкты алууну, кийимдин майда бөлүкчөлөрүн иштетүүнү, чоң бөлүкчөлөрдү бириктирүүнү окутушту.
Устатардын бири Эльвира Ормукова тиккенди билбеген кыз-келиндер бул окуудан кийин кийимдин майда бөлүкчөлөрүн жана чоң бөлүкчөлөрдү жыйноо менен кийимди толугу менен тигип калышкандыгын айтты:
«Биздин айылдарда чакан тигүү цехтерин ачкан ишкерлер кыз-келиндерди жумушка алып, жумуш менен камсыз кылып келишет экен. Ишкерлердин буйрутмасы боюнча, ишкерлерге керектүү адистерди биз окутуп, сертификат бердик. Кыска курстардын модульдарын иштеп чыктык.
Баш аягы болуп, 2 жумалык курста кийимди толугу менен тиккендин негиздерин, тигүү машинасына туура отурууну, ылдамдыкты алууну, түз тиккенди өздөштүрө алышты деп ойлойм. Башында кыйынчылыктар болду, андан кийин кийимди өздөштүрүп тиге башташты.
Эки айылдагы кыз-келиндер ыраазычылыгын билдиришти. Ишкерлерге дагы ыраазычылык айтабыз, жумушсуз кыз- келиндерди үйлөрүндө отура бербестен буйрутма аркылуу адистерге окутуп, жумуш ордун дайындап жатышкандыктарына”.
Чолпон айылындагы тигүү цехтин иштеткен жеке ишкер Сайкал Ниязова устаттарга ыраазычылыгын билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду:
“Окуу курсу жакшы өткөрүлдү, майда программалдардын баардыгын кыз-келиндер бат өздөштүрө алышты. Бирок 2 жумалык окуу курсу кыз-келиндерге аздык кылып калат экен. Жок дегенде 1 ай убакыт окушса, тигүүдө көп нерсени билип алууга жакшы болмок. Жалпысынан окуу курсу айылдагы кыз-келиндерге пайдалуу болду».
Мындан тышкары, №15 кесиптик лицей тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилигине караштуу «Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду» мекемеси менен биргеликте 3 айлык кыска мөөнөттүү курстар болуп жатат. Бул иш-чаранын максаты жумушсуз жаштарды жумуш менен камсыз кылуу болуп эсептелет.
Айзат Жумалиева, Кундуз Белек кызы, Сарыгул Казиев