12-апрелде Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде “Мирбек-Нур” коомдук фондунун жетекчиси Алмаз Раевдин демилгеси менен окуу корпусунун алдына карагай отургузулду.
“2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыяланган. Президенттин жарлыгынын негизинде буга чейин да окуу жайдын “Башня” участкасына долбоор менен 700 түп алма- өрүктүн көчөттөрү тигилген.

Карагайды отургузуу учуру
Өз багынды отургуз акциясынын иш пландары боюнча окуу жайдын директору Улан Бердигулов төмөндөгүлөргө токтолду:
“Бул боюнча айта кетсек президенттин жарлыгы чыккандан баштап биз дагы Кочкор районундагы №15 кесиптик лицейдин айланасын жашылдандыруу максатында спонсорлорду таап ушул карагайды жана алма-өрүктүн көчөттөрүн отургузуп жатабыз.

№15кесиптик лицейдин директору Уланбек Бердигул уулу
“Мирбек-Нур” коомдук фондунун жетекчиси Алмаз Раев кесиптик лицейдин өнөктөшү. Ал буга чейин да ветеринар адистиги үчүн долбоор менен кыргыз чаар тоогун алып келген:
“Карагайды жеке өзүмдүн атымдан кесиптик лицейге бердим, бул карагай 1 жылдык кезинде өзүмдүн короомдо тигип өстүргөм. Мен да убагында силердей эле окуу жайдын бүтүрүүчүсү болгом ошондуктан окуу жайдын жашылдандыруусуна өз салымымды кошуп келем”,- деди Алмаз Раев.

«Мирбек Нур»коомдук фондунун жетекчиси Алмаз Раев
№15 кесиптик лицейдин өсүмдүк өстүрүүчү кесибинин устаты Роза Иманакунова айлана-чөйрөнү жашылдандырууда карагай маанилүү экендигин айтты:
“Карагай жөнүндө айтып кетсем, бул карагай көп жылдык өсүмдүктүн түрүнө кирип жайы кышы менен жашыл бойдон турат. Карагайдын алдын түптөп суугарып кам көрүп туруш керек деген акциянын Өз багынды отургуз акциясынын алкагында ушул карагайды отургуздук жана ошондой эле бак-дарактардын түрлөрүн отургузуп атабыз. Жашылдандыруу экологияга жакшы таасирин тийгизет жана ар бирибибиз жоопкерчиликтүү мамиле кылышыбыз керек”.

Өсүмдүк өстүрүүчү кесибинин устаты Роза Иманакунова
Белгилей кетсек, кесиптик лицейдин айланасын жашылдандыруу үчүн ишембиликтер өткөрүлүп, гүлдөр отургузулду.
Адилет Жаныбек уулу, Байаман Шаршекеев