Кочкор районунун Чолпон айылында таза суу чыгаруу иштери башталганына 2 жыл болду. Айыл ичиндеги көчөлөрдө суу түтүктөрү үчүн чуңкурлар казылып, түтүктөр орнотулган. Бирок кээ бир чуңкурлар ачык бойдон турат. Айыл тургундары таза суунун чыгуусун чыдамсыздык менен күтүп жатышат.
“Менин аты жөнүм Чыңгыз Ишенов. Чолпон айылынын тургуну болом. Таза суу эртээрек бүтсө жакшы болмок. Азыр ар кимибиз ар кандай өзүбүз жасап алган кудуктардан суу ичип жатабыз. Ал сууну тазабы же таза эмеспи эч ким кепилдик бере албайт. Учурда кандай суу ичип жатканыбызды билбейбиз. Ачык болуп калган кудуктарды өз этабы менен иш кылып жатышат деп ойлойм. Биздин үй- бүлөдө суу маселеси боюнча кыйынчылык жок, бирок тазараак суу ичип калсак жакшы болмок. Кудуктан ичкен суунун ден соолугубузга таасири тийип калабы деген кооптонуулар болот экен”,- деди айыл тургуну.
Рыскүл Асранова Чолпон айылынын тургуну. Кудуктан алган сууну чийки ичперин билдирди: «Сууну кайнатып ичебиз, анткени сууда эмне бар экени белгисиз. Биздин көчөгө дагы таза суу келет деп үмүттөнүп атабыз».
Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Өмүрбеков айылда таза суу чыгаруу жыл аягына чейин бүтүп калышы мүмкүн деген ойдо:
“Таза суу иши токтогон жок. Чолпондо таза суу мамлекеттен каржыланып жаткан. Буюрса апрель айында иш башталат. Бул долбоор ушу жылдын аягына чейин бүтүшү ыктымал. Бирок мындан мурунку иштелген 3 транш менен бүтүп жатат, 2-транштын дагы кээ бир туура эмес кемчиликтери бар. Ылдамдатып ошолорду жоюу биздин максатыбыз. Ошондой эле ачык калган кудуктарга токтолсом, азыр иш толук бүтө элек ошол үчүн кудуктардын үстү таза суу иши толук бүтмөйүнчө ачык болуусу шарт. Качан иш толугу менен буткөндө гана үстүлөрү жабылат. Айыл тургундарына жана балдар үчүн коркунуч жаратпоо үчүн ар бир кудуктун үстүнө сөзсүз түрдө чырпыктарды белги караты койдуруп койгом. Бирок аны түшүнбөгөн элдер отун катары алып кетип, ачык калууда. Таза суу чыгарууда 2015-жылдан бери мамлекеттин жардылыгынын айынан акча бөлүнбөй тоскоолдук болуп келген. Учурда жумуштун 70% бүттү десем жаңылышпайм”.
Эскерте кетсек, буга чейин айылдык кабарчылар таза суу көйгөйүн жазып келишкен.
Кусейин Марат уулу, Айчүрөк Сапаркулова, Сильвара Төлөбекова