Бүгүн 13-апрель Кочкор районундагы Кара-Суу айылында Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде Турк лицейине 6-класстар арасында сынак тапшырууда.
Жыл сайын Кыргызстанда жайгашкан Түрк лицейлерине 6-класстар арасында сынак болуп турат. Сынакка Кочкор районундагы С.Орозбаков, Аблес уулу Алайдар, С.Исмаилов, Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебинин окуучулары катышып жатышат. Сынакка жакшы даярдык менен келишкендигин төмөнкүчө айтып беришти.
«Мен Арлен Исмаров. Түрк лицейинин информатика сабагынан мугалими. Сынак 2 тур менен өтөт. 1 тур 50 суроодон турат: биология, тарых, кыргыз, орус, англис тилдери жана математика сабактары болот. 2 тур 25 суроодон турат. Математика жана логикалык суроолор. Сынактан өткөн окуучуларга шарт түзүп беребиз. Жатаканасын, тамак-ашын, китеп, формасын камсыздайбыз. Ошондой эле олимпиадаларга даярдайбыз. Биздин лицейдеги окуучулар дүйнөлүк олимпиадаларга барып жатышат алардын бири ушул окуучулар да болушу мүмкүн.»
Сагынбай Орозбаков атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу буларга токтолду:
«Мен Бурулсун Тынчтыкбек кызы Кара-Саз айылындагы С.Орозбаков атындагы орто мектебинин 6-а классынын окуучусумун. Мен Түрк лицейинде окугум келет, себеби ал жерде чет тилдерди үйрөнүү мүмкүнчүлүгү жогору. Мен бул сынакка болгон күч аракетимди жумшадым, Түрк лицейинде окуган мен үчүн сыймык».
Шапак Рысмендеев мектебинин окуучусу:
«Мен Кара-Суу айылынын Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу Айназик Эсенгазиева. Мен бул сынакка өзүмдү сынайын деп келдим. Бул сынактан өтүп, Түрк лицейинде окугум келет. Мен бул сынактан өткөнгө болгон күч аракетимди жумшайм. Келечекте көп тил билгим келет».
Аэлита Сейдакматова, Арсен Бакытов, Мирбек Асанов