Чүй облусунун Сокулук районундагы Новое айылында жайгашкан Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары жана мугалимдери «Жакшылыкка бир кадам» аттуу кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Анын алкагында мектеп жамааты Маловодное айылындагы майыптыгы бар адамдар жана балдар үчүн Сокулук реабилитациялык борборуна барып, керектүү буюмдарды тапшырды.
Кайрымдуулук сапары 2026-жылдын 16-ноябрында уюштурулду. Ага мектеп директору, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Кайрымдуулук каражаты кантип чогултулду?
Демилгеге мектептин бардык класстары катышты. 1–7-класстардын окуучулары «Күз берекеси» аттуу жарманке уюштуруп, андан түшкөн каражатты кайрымдуулукка жумшашты. Ал эми 8–11-класстардын окуучулары ар бири 500 сомдон салым кошушту.
Чогулган каражатка жылуу байпактар, салфеткалар жана күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдар сатылып алынып, реабилитациялык борборго жеткирилди.


Кайрымдуулук — тарбиянын бир бөлүгү
Борбордун жетекчиси Бурулуш Туманова мектеп жамаатына жана окуучуларга ыраазычылык билдирип, мындай демилгелердин тарбиялык маанисин белгиледи.
«Балдарга тарбия берүүдө окуучуларда боорукердикти, ыймандуулукту жана ден соолукка кам көрүүнү ар дайым үйрөтүү керек. Бирок муну айтып гана коюу жетишсиз, аны иш жүзүндө көрсөтүү окуучулардын сезимин ойготот. Тарбиялоонун эң мыкты жолу — ушул», — деди ал.
Сапар окуучуларга да өзгөчө таасир калтырды. Алар борбордун жашоочулары менен жолугушуп, алардын күнүмдүк турмушу менен таанышып, жардам берүүнүн жана көңүл буруунун маанисин түшүнүштү.
Окуучу Алия Абдразакова сапардан алган таасири менен бөлүштү:
«Ал жакка барганда ар кандай тагдырдагы адамдарды көрүп, жүрөгүм абдан ооруду. Алардын жашоосун көрүп, ден соолук, үй-бүлө жана жакындарыбыздын бар экендиги канчалык чоң бакыт экенин түшүндүм. Ошол эле учурда алардын жүзүндөгү жылмаюуну көрүп, кубанып кеттим. Биздин кичинекей көңүл буруубуз да алар үчүн чоң кубаныч тартуулай аларын сездим», — деди ал.
Нурислам Касымов да сапардан кийин ден соолуктун баркын тереңирээк түшүнгөнүн айтты:
«Майыптыгы бар адамдардын үйүнө барганда мен өтө чоң таасир алдым. Кудайым берген ден соолукка шүгүр деп, Кудайга миң жолу шүгүр айттым», — деп белгиледи окуучу.
Ал эми Жаңыл Эсенкулова мындай борборго биринчи жолу барганын айтып, балдарга өзгөчө көңүл буруп, алар менен көбүрөөк убакыт өткөрүү зарылдыгын белгиледи:
«Мен эч качан мындай жерлерге барып көргөн эмесмин. Бул балдарды майып эмес, өзгөчө балдар деп айткым келет. Биз бул балдарга жардам берип, көңүлүн көтөрүп туруу керек экендигин сездим. Аларга кучагымды жайып, бекем кучактагым келди», — деди ал.
Жакшылык биримдиктен башталат
Окуучулардын айтымында, кайрымдуулук үчүн каражат чогултуу учурунда классташтарынын, мугалимдеринин жана ата-энелеринин бир максатка биригип, колдоо көрсөткөнү өзгөчө эсте калган.
Алия Абдразакова жардамдын көлөмүнөн мурда анын чын жүрөктөн берилгени маанилүү экенин түшүнгөнүн айтты. Ошондой эле келечекте дагы ушундай демилгелерди уюштуруп, башка окуучуларды кайрымдуулукка үндөгүсү келерин билдирди.
Жаңыл Эсенкулова кийинки сапарда борбордогу балдар үчүн оюн-зоок уюштуруп, концерттик программа менен барууну сунуштады. Нурислам Касымов да келечекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдон келишинче жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.
Мектеп директору Айдай Джолчубекова мындай иш-чаралардын мааниси акчанын көлөмү менен гана өлчөнбөй турганын айтты:
«Окуучулар өздөрү чогулткан каражатка сатылып алынган белектерди тапшырып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен түз жолугушканда, боорукерлик, жоопкерчилик жана ынтымак түшүнүктөрү китептен окулган сөздөр эмес, жашоонун өзүнөн алынган сабакка айланат. Мектептин негизги максаты да ушунда», — деди ал.
Ошондой эле мектеп директору окуучуларды кайрымдуулукка, боорукерликке, мээримдүүлүккө жана коомдук иштерге активдүү катышууга тарбиялоо маанилүү экенин белгиледи.
Мектеп жамааты демилгени көтөрүп, иштин башында турган тарбия иштери боюнча директордун орун басары Сайкал Азатбек кызына, ошондой эле акцияны уюштурууга жана колдоого салым кошкон бардык окуучуларга, ата-энелерге жана мугалимдерге ыраазычылык билдирди.
«Жакшылыкка бир кадам» акциясы окуучулар үчүн кайрымдуулуктун, адамгерчиликтин жана биримдиктин маанисин иш жүзүндө үйрөткөн тарбиялык сабак болду.
Даярдагандар:Нурайым Кеңешбекова, Талжибек Токтобай кызы