Кочкор районундагы Кочкор айылынын тургуну, 72 жаштагы белгилүү бокс машыктыруучусу Махамеджон Ахмедов Ковид-19 жөнүндө кеп кеңештери менен бөлүштү.
«Бала кезден спорт деп келе жатам. Илгери спорттон эч кандай пайда жок деп айтышчу эле, бирок көп эмгек кылып, күч- кубатын берсе ийгилик келет деп ишенем. Менин эң алгачкы сыймыгым Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Советтер Союзунун көп иретиндеги чемпиону Нурлан Абдыкалыковду машыктырып чыгарганмын. Кийнки чемпион окуучум Кеңешбек Дүйшеев көптөгөн Эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, Индонезиянын падышасынын кубогунун жана СССРдин кубогунун ээси, ошондой эле А-класстын Гран-присин Турциядан жеңип алган. Андан бөлөк ондон ашык окуучум спорттун чеберлери болуп чыккан. Азыркы курагыма карабай балдар менен иштеп жатам, өзүмдүн кеңешимди берип, наасатчылык кылып жүрөм.
Бокс машыктуруучу Махамеджон Ахмедов
Махамеджон Ахмедовдун сыйлыктары
Эки жылдан бери пандемия убагында, машыгуу режими үзгүлтүккө учурады. Көп адамдар менен кош айтышып, оору менен жабыркагандарга жардам бере албай калган учурлар да болду. Бирок ошол кезде ооруну алдын алыш үчүн кыймыл жана спорт пайдалуу эле. Өпкөнү иштетип, дем алуу көнүгүүлөрдү жасоо пайдалуу экенин жана күнүнө 10 кмден кем эмес жөө басууну туура көрдүм. Өзгөчө мен курактуу адамдарга, анткени азыр ар бир үйдө унаасы бар, бирок кыймыл азайгандыктан ар кандай оорулар пайда болот экен. Дагы бир кеңешим бул күчтүү тамак ичүү керек. Рационго чучук менен казы- карта кошуп тамактануу туура болот деп ойлойм. Жаңгак, мейиз кошуп, аралаштырып эртең менен бир кашык менен жесе пайдалуу болот деп ишенем жана сунуштайм.»
ЦСМ мед. кызматкери Элмира Эркинбаева
Кочкор айылынын ЦСМ медкызматкери Элмира Эркинбаева Ковид-19 оорусу жөнүндө баса белгилей кетти:
«Өлкөнү Ковид-19 оорусу каптап жатканына байланыштуу, ар бир жаран өзүн коргоп жүрүш керек, көп адамдар чогулган коомдук жайларда албетте беткап менен жана антисептик колдонуп, санитардык нормаларды сактоо керек. Эгерде ооруну жуктуруп алса, дем алуу көнүгүүлөрдү жасоо жана көп кыймылдоо. Азыркы учурда жүрүп жаткан вакцинациядан коркпой, ар кандай жалган маалыматтарга ишенбей, вакцина алууну сунуштайт элем. Анткени канчалык эрте вакцина алса, ошончолук организмде тез антителолор пайда болуп, Ковид оорусу жуккан убакта жеңил өтөт. Эң негизгиси бул туура тамактануу. Жер жемиштерди көбүрөөк колдонуп, этти кайнатып шорпосун ичип, май-каймак рационго кошууну кеңеш берет элем. Ар дайым ден-соолукта болуңуздар!»
Нурия Карымбаева