Нарын районуна караштуу Оттук, Казан-Куйган айыл аймактарында жыл сайын жаш өспүрүмдөр арасында спорттун лыжа жарыш, бокс, эркин күрөш, футбол, волейбол ж.б. түрлөрү боюнча атайын мелдештер уюшулуп турат. Ковид-19 вирустук оорусу күч алып турган учурда айрым спортчулар үчүн машыгуу кыйынчылыктарды алып келсе, айрымдары үчүн пандемия тоскоол жараткан жок.
Казан-Куйган айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинин дене тарбия мугалими, бокс боюнча СССрдин спорт чебери Дастан Шабиев жаш өспүрүмдөрдү бокс боюнча машыктырып келет. Дастан Шабиев пандемияда жаш боксерлорду машыктыруу абдан чоң кыйынчылыктарды алып келгенин билдирди. Себеби, жаш спортчулар атайын машыгуу залына келбестен, үйдөн, аралыктан даярданып жатышканы жеткиликтүү натыйжа бере албаганын билдирди.
Ал эми спорттун лыжа жарышы боюнча Нарын райондук спорт мектебинин машыктыруучусу Муратбек Искенов төмөнкүлөргө токтолду:
“Лыжа жарыш боюнча жаш өспүрүмдөр арасында февраль айында мелдеш өткөрүлдү. Бул мелдешке буга чейин машыгып, даярданып жүргөн бардык окуучулар катышышты. Мелдешти өткөрүүгө пандемия тоскоолдук жараткан жок. Лыжа жарыш боюнча машыгууну окуучулар таза абада, кыймылдуу өткөрүп жаткандыктан, бул спорт ден соолуктарына пайдасын гана тийгизет деп айта алам. Албетте машыгуу учурунда пандемиянын шарттары да эске алынып жатты.”
“Мен Кеңешбеков Эржан. Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 7-а классында окуйм. Мага спорттун түрлөрүнөн лыжа тебүү абдан жагат. 5-классымдан бери лыжа жарыш боюнча ийримге катышып, мелдештерге барып келем. Лыжа тепкенде биринчиден сергек болосуң, дем алууң жакшырат, ден соолугун чың болот”,- дейт Эржан Кеңешбеков.
Аймокчок Асанбекова: “Мен 5 –класстан баштап эле күрөшкө катышып келем. Бул спорттун түрү мага аябай жагат. Машыгууну атайын мектептин спорттук залына келип өткөрөбүз. Көптөгөн мелдештерге катышып келдим. Пандемия учурунда машыгууларым үзгүлтүккө учурап, эч жакка бара алган жокмун. Буюрса алдыда көптөгөн максаттарым бар, ишке ашырууга баардык күчүмдү жумшайм.»
Айжамал Исмаилова: “Мен лыжа спортту тандаганымдын себеби, ден- соолукка пайдалуу. Лыжа тебүү адамга күч кубат берет, өпкөнү желдетет, иммунитетти бекемдейт, маанайың көтөрүлөт. Лыжа тепкенде жүрөк кан тамырлары бат-баттан иштей баштайт. Ошондуктан мен лыжа спортун тандагам!”
Акылай Алмазбекова