Күз айы келип мал жайлоодон түшүп, жер-жемиш бышып, түшүм жыйналып күз берекесин төгүп турган учур. Кыргызда күз мезгили аш-тойдун күчөп турган маалы болот. Пандемия учурунда көпчүлүк чогулган аш-тойлордо вирусту жугузуп алуу коркунучу бар. Массалык чогулуулар болгон жерде вирусту жугузуп алуудан кооптонбойсузбу деген суроону айыл тургундарына узатып, жоопторду алдык.
Кочкор районунун Кара-Суу айылынын тургуну Нурбек Кожокматов төмөндөгүдөй жооп берди:
«Бүгүнкү күндүн көйгөйү тууралуу жакшы суроо бердиңер. Кыргызда аш-той өзгөчө өтөт эмеспи, тойлордо жок дегенде эле 100-150 кишиден кем эмес коноктор келет. Вирусту жуктуруп алам деген кооптонуу менде анча жок, себеби жайында эмдөөдөн өткөм. Анын үстүнө аш-тойлордо жылкы союлат, жылкынын эти, сорпосу вирусту өлтүрүп, иммунитетти көтөрөт эмеспи. Албетте, санитардык эрежелерди сактап, ар бирибиз өзүбүзгө сак болушубуз керек».
Айнура Айыпова: «Бүгүн мен кызымды турмушка узатып, кыз узатуу тоюн өткөрүп жатабыз. Кудай сактасын вирусту жугузуп алам деген коркунуч деле жок, анткени санитардык эрежелерди дайыма так сактайм. Ал эми бүгүнкү тойго 50-60 адам келет, бул өтө деле көп адам эмес деп ойлойм. Азыр айылыбызда ооруп жатат деген адамдар тууралуу уккан жокмун. Ден- соолук болсун деп айтат элем».
Эдил Дүйшеев: «Азыр бардык жерде тойлор кызыган учур. Айылда күн сайын той болуп жатат. Көпчүлүктө эч ким деле санитардык эрежелерди сактаган жок. Тойго Кыргызстандын туш-тарабынан келишет, бири-бири менен жакын аралыкта жүрүшөт. Аралыкты сактаган деле эч ким жок. Баары эле вирусту унутуп калгандай. Ал эми сиздин сурооңузга, албетте, кооптонуу бар деп жооп берет элем. Себеби өлкөдө бул илдет менен катталгандар болуп жатпайбы. Көпчүлүк чогулган жерге барып келгенден кийин дайыма колумду жууп, антисептик колдоном».
Майрам Өзүбекова: «Вирусту жугузуп алам деп кооптонбойм деле. Чакырып атса кантип тойлорго барбай коём. Вирустан сактануу максатында дарыгер айткан санитардык эрежелерди так сактаганга аракет кылам. Өзүмдү жаман сезип калсам дарыгерге барып көрүнөм. Андан сырткары иммунитетти көтөрүүчү азыктарды көп колдонгонго аракет кылам. Бардыгыңарды дарыгердин айткан кеңештерин так сактоого чакырат элем».
Бакыт Кожокматов