Кыргызстанда 5-октябрь «КРда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү» катары белгиленип келет. Мына ушуга байланыштуу Баетов айылындагы билим берүү мекемелеринде балдарды жана окуучуларды күтүүсүз кырдаалдарда тобокелчиликти азайтуу, ар кандай табыгый кырсыктарды алдын алуу максатында жарандык коргонуу күнү өттү.
Ак-Талаа райондук №47 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицери Бакыт Үтүкеевдин маалыматына таянсак:
«Табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндөгү билимин, маалыматты жана тажрыйбаны калкка жайылтуу, өзгөчө кырдаалдарга калктын иш аракеттерин системалаштыруу максатында, ошондой эле кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган иш чаралар Ак-Талаа районунун аймагындагы 18-орто мектептерде жана 22-бала өткөрүлдү. Атайын иш-чаралардын алкагында бакчаларда жана мектептерде Жарандык коргонуу күндөрү, ачык эшиктер, ачык сабактар, сүрөт сынактары, уюштурулду»,- дейт.
Тактап айтканда Баетов айылындагы Карасартов атындагы орто мектебинде “Жер титирөө катталган учурда эвакуациялоо” деген темада Жарандык коргонуу күнү өткөрүлдү. Аталган иш чарага Райондук Медицина, коомдук тартипти сактоо, энергетика жана жарык жашыруун кызматтарынан атайын унаалары менен бирден бригада, 247 окуучу, 21 мугалимдер катышышты. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана жарандык коргонуу кызматтары тарабынан өз багыттары боюнча сабактар өткөрүлүп, атайын куткаруучу шаймандар менен таанышышты. Ошо менен бирге башталгыч класстарынын окуучулар арасында “Өрт” темасында сүрөт тартуу сынагы уюштурулган. Жыйынтыгында жеңүүчүлөрү аныкталып, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан сыйлуу белектер тапшырылды.
Барчын Мамытбекова