Ар бир адам өзүн-өзү өнүктүрө алат жана өнүгүүгө ар бир адам муктаж. Туура багытта өнүгүү жолунда болуу, адам өзү менен гармонияда болгусу келүү көпчүлүктү ойлондурган маселе. Бирок, эмнеден баштоо керек?
Адамга тийиштүү ар түрдүү көз-караштар болгондой эле, кыздар жана эркектерге тийиштүү дагы ар түрдүү стереотиптер кездешет. Адамдын аң-сезими ийгиликтүү адамды көрүп, аны тууроого жөндөмдүү. Бирок, көпчүлүк учурда биз ким экенибизди унутуп калабыз.
Натыйжада, өзүбүздү башкалар менен салыштырып, көңүлүбүз чөгөт. Ал учурда күчтүү сапаттарыбызга ишенүүнү автоматтык түрдө токтотуп коебуз. Өзүңүздү таңууланган үлгүлөрдөн арылтуу үчүн өзүңүз жөнүндө көбүрөөк билүүгө аракет кылышыңыз керек. Бул үчүн төмөнкү суроолорго жооп бериңиз.
• Мендеги 10 мыкты жана 10 терс сапаттар кайсылар?
• Бош убактымда эмне кылууну жакшы көрөм?
• Мени эмне кыжырдантат?
• Мен эмнеден корком?
• Өзүңүздү бактылуу сезген бала кездеги окуяңызды эстеп көрүңүз. Анда сиз эмне кылдыңыз эле?
• Мен азыр киммин? (кесип жана статус)
• Буга чейин кандай жетишкендиктерим бар?
Алынган жоопторду талдоо керек. Алар сиздин артыкчылыктарыңыз, жактырган нерселериңизди түшүнүүгө жардам берет. Бул ыкманы жылына бир жолу кайталап, өзгөрүүлөргө байкоо салууга болот. Өз жоопторуңуздагы өзгөрүүлөрдөн коркпоңуз, алар өсүштү көрсөтөт.
Сиз үчүн идеалдуу көрүнгөн башка адам сыяктуу өзүңүздү кайра түзүүнүн кажети жок. Сиз өзүңүздүн идеалдуу версияңыз кандай экенин элестетүүгө аракет кылышыңыз керек. Бул үчүн төмөнкү суроолорго жооп бериңиз:
• Ал кандай сапаттарга ээ?
• Ал эмнени баалайт?
• Кийген кийими, жүрүм-туруму кандай?
• Ал кантип сүйлөйт? Тез же жай?
• Ал эмне менен алек?
• Кайсы кесиптин ээси?
• Кандай хоббилери бар?
Болочоктогу өзүңүз тууралуу болушунча так картинаны түзүүгө аракет жасаңыз. Эгерде сиз сүрөт тартууга чебер болсоңуз, анда кагазга сүрөтүн тартыңыз.
Китеп — жазуучу менен адам ортосундагы ортомчу. Бирок ал ой жүгүртүүгө түз эмес, кыйыр таасирин тийгизет. Бул адам өзү үйрөнөт дегенди билдирет. Ал китептеги жаңы нерселерди үйрөнүүгө жана эмне жөнүндө экенин түшүнүүгө аракет кылат. Бирок бул жерде адабиятты туура тандоо маанилүү.
Өзүн-өзү өнүктүрүү планы адамга жашоосундагы өзгөрүүлөрдү кайдан баштоо керектигин түшүнүүгө жардам берет. Бул үчүн жакынкы жана алыскы келечекке максат коюу керек. Максаттарды ишке ашыруу убактыларын 10 жыл, 3 жыл, 1 жыл жана айларга бөлүңүз.
Бир убакта ойлонулган нерсенин масштабдуу болушу шарт эмес. Кыска убакыттын ичинде бүткөрүлө турган кичинекей иштерден баштаңыз. Мисалы, сиз 2 жылдан кийин магистратураны чет өлкөдө окуй турган болсоңуз, бүгүн тил үйрөнүү же адистик боюнча даярдыкты баштаңыз.
Адамдын өзүн-өзү өнүктүрүүдөгү маанилүү этаптардын бири өз адаттарын өзгөртүүсү. Жылдар бою кайталанган аракеттер ар кандай максаттарга жетүүдө бирдей натыйжаларга алып келбейт. Андыктан адаттарыңызды акырындык менен тууралашыңыз керек. Биринчиден, адат механизмин кандай иш -аракет же сапат иштетет деп ойлонуңуз.
Мисалы, сиз жолугушууга дайыма кечигесиз. Бул сиздин — адат. Бирок, сиздин позитивдүү максат жана каалоолорго жетүүдө мындай терс натыйжа алып келген адаттар жаңы эреже менен алмаштырылышы керек.
Жашообузду жакшыртууга көбүнчө жагдайлар же адамдар тоскоол болушпайт. Тескерисинче, биздин терс психикалык мамилебиз. Терс ойлор өнүгүүгө жолтоо гана болбостон, деградацияга алып келет. Эгер сиз терс ойлордон арыла албай жаткан болсоңуз, ак баракка ошол ойлорду жазып, тушуна аны позитивдүү формада жазыңыз. Мындан соң, аны бир канча жолу ишенимдүү кайталап окуңуз.
Өзүн-өзү баалоо — бул өзүнө кам көрүүгө жана руханий жактан өсүүгө мүмкүнчүлүк берген эң жогорку деңгээл.
Өзүн-өзү баалоо төмөнкү табышмактардан турат:
• физикалык жана психикалык ден соолугуңузга көңүл буруу;
• гармонияда өзүңүз менен жалгыз болуу жөндөмү;
• жашоо сапатын жакшыртууга умтулуу;
• жашоо эрежелерин түзүү.
Бул сезим өзүңүздүн жана башкалардын жеке чектерин урматтоого мүмкүндүк берет.
Тест: Жашоо менен канчалык гармониядасыз?
Тест: Сиз өзүңүздү баалайсызбы?
Касиет Кубанычбек кызы