Баетов айылы Ак-Талаа районунун борбору болуп саналат жана Дөрбөлжүн аянты мындан 3 жыл мурда кайрадан жасалып, жаныланган. Ал эми аянттагы ири соода түйүндөрүнүн алды иретке келтирилип, атайын темир тосмолор менен тосулган. Аянтта кечкисин тургундар балдары, меймандары менен келип эс алышат.
Бирок жакынкы аралыктан бери тосмолорду алып, ири соода түйүндөрүнүн ээлери автоунааларды киргизип, кооптуу жагдай жаратып жатканы тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылуулар болгон. Бул тууралуу социалдык медиада дагы талкуулар жүрүп, айрымдар тосмону ачып кире берсин десе, башка тараптар буга макул эмес.
Баетов айылынын тургуну Гүлзада Токтогулова:
“Балдарыбыз ушул тосмонун ичи менен мектепке барып келишет. Чындыгында коопсуз, коркпойбуз. Албетте товар түшүш керек. Бирок унааларды базардын дарбазасынан деле киргизсе жакшы болот эле. Кечкисин дагы бала-чакабыз аянтка барып ойнойт” десе, “Ильич” ири соода түйүнүнүн ээси Төрөгелди Жузуев базардын ээси дарбаза аркылуу оор жүк ташуучу унаа гана кирсин деп талап койгонун айтты.
Баетов айылынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев ушул маселеге байланыштуу жеке ишкерлер менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жеке ишкер Төрөгелди Жузуев: “Биз райондун элин азык-түлүк менен камсыз кылып турабыз. Бирок ошол эле учурда ишкерлер үчүн дагы шарт түзүлүш керек да. Тосмону коюп атканда ошол жерге унаа токтотуучу жер калтыруу тууралуу сүйлөшүүлөр болгон. Бирок болбой эле тосулуп калды” деди.
Жыйынтыгында товар түшүрүүчү бардык унаалар “Керек-Жарак” коомуна тиешелүү базар аркылуу кирүү макулдашылды.
Ал эми тосмолор кайрадан бекитилди.
Барчын Мамытбекова