Ак-Талаа районунда быйыл эки жайлоо бала бакчасы иштеп, анда 80 бала тарбияланды. Чолок- Кайың айылынын К. Касымалиев атындагы бала бакчасы Кашка Суу жайлоосунда, ал эми Кара-Ой айлындагы “Адис-Адилет” бала бакчасы Соң-Көл жайлоосунда бир айлык мөөнөттө ачылган. Жайлоо бала бакчаларынын уюштуруу, көчүү-конуу иштерине айыл өкмөт жана жайыт комитеттери жардам беришкен.
Кашка-Суу жайлоосундагы бала бакча
Сон-Көл жайлоосундагы бала бакчага канцелярдык буюмдар берилди
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында жайлоо бала бакчаларында жалпы төрт тарбиячы эмгектенип, айлык акылары төлөндү.
Каныбек Эсеналиев-БББнүн башчысы (солдон үчүнчү) Райондук билим берүү бөлумүнүн кызматкерлери балдарга оюнчуктарды алып беришти
“Жайлоо бала бакчаларына балдырдын билим борборунан адистер барып мастер-класс өтүштү. Ошондой эле билим берүү бөлумүнүн адистери тарабынан 4миң сомго балдарга ар кандай оюнчуктар берилди. Мындан сырткары Адис-Адилет жайлоо бала бакчасына Компаньон Банкынын Нарындагы филиалы тарабынан канцелярдык буюмдар менен камсыз болду” дейт.
Райондук билим берүү борборунун мугалимдери гүл жасоо боюнча мастер-класс өтүштү
Ал эми балдардын билим борборунун мугалимдери Соң-Көл жайлоосундагы бала бакчага барып, мастер-класс өтүп беришкен. Кашка-Суу жайлоосундагы бала бакча 12-июндан 12-июлга чейин иштеген болсо, Сон-Көлдөгү бала бакча 22-июлда ишин аяктайт.
Барчын Мамытбекова