Кочкор районунун Чолпон айылындагы үй- бүлөлүк ооруканасы жардамга муктаж.
Чолпон айылынын өкмөтү Урмат Өмүрбеков
Чолпон айылынын айыл өкмөтү Урмат Өмүрбеков:
«Азыркы учурда ооруканага каражат бөлүнүп берилбейт. Союз кезинде 1979-жылы ремонт болгон экен. Ошондон бери капиталдык ремонт бүтпөй, үстү түшкөндүгүнө байланыштуу Кочкор райондук санэпид тарабынан талапка жооп бербейт деп жабылган болчу.
Азыркы учурда биз спонсорлорду таап ремонттогонго аракет кылып, ишке киргизгени жатабыз. Терезелери эски жыгачтан салынган, сынык болгондуктан инвестор таап, пластик терезелер жасалып бүтүп жатат. Жакын арада терезелер келип, ооруканага тагылат. Андан соң ичин сырдоо, жылуулук менен камсыз кылуу айыл өкмөт тарабынан 9 айлык менен кошумча каражат каралып жатат.
Буюрса кыш түшкөнгө чейин ремонт кылып, үй- бүлөлүк дарыгерлер тобун иштеткенге аракет кылабыз. Жалпы больницанын оңолушуна инвесторлорду издегенбиз, аларга проектти чийип долбоорун кетиргенбиз. Бардык сметасы 19 миллионго жазылган.
Бизде азыр жергиликтүү бюджеттен каржылоого мүмкүн эмес. Анткени, Чолпон айыл өкмөтү дотацияда турат. Дотация деген өзүбүздү өзүбүз каржылай албайбыз, мамлекеттен кошумча каржылоо менен жашап келебиз бул дотация деп аталат. Ошентсе да кошумча түшкөн каражаттар бар ошонун негизинде ремонт кылып алып иштетели деген ниетибиз бар».
Токжан Асанбекова
Чолпон үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Токжан Асанбаева мындай деди:
«Азыркы учурда биз өзүбүздүн отурган имаратыбыздын ремонту жок болуп, үстүнөн суу агып, шиферлери сынгандыгына байланыштуу ар бир кабинетибиздин төбөсү түшүп калган. Быйыл өзгөчө жаанчыл болгондуктан ушул кабинеттерге отуруп иш алып барууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, биз жамаатыбыз менен өзүбүздүн айыл өкмөтүнө кайрылып, ремонт жасап берүүсүн өтүнгөнбүз. Жетекчиликке дагы кайрылуу жасалып, маалымат берилген. Санэпид бөлүмүнөн дарыгерлер келип, көрүп мүмкүнчүлүк шартыңар жок экен деп оорукананы жаап кетишкен. Ремонт жасап беребиз деп азыр айыл өкмөтү аракеттенүүдө. Бирок, азыркы учурда ремонт баштала элек, анткени биздин медицина тарапка жыл башында бюджеттен акча которулбай калган экен. Ушуга байланыштуу ремонт кармалып жатат. Өзүбүздүн күчүбүз менен иш алып барган жерибизди актап, алдын ала ремонт жүргүзгөнбүз. Бирок, эшик терезелер жарабайт, полу жок, отура турган имаратыбыздын бүт асты үстү цемент, силикат кирпичтен салынган, ошондуктан отурууга да шарт жок болууда. Ушуга байланыштуу мектептин бир бөлмөсүн сурап, ушул жерде болгон жумушубузду аткарып, ооруларды кабыл алып, эмдөө жумушун да жүргүзүп элге кам көрүүдөбүз. Бүгүн мен айыл өкмөтүнүн башчысына кайрылып ремонтту эртелетип берсеңиздер, анткени, аба ырайы суук болуп бара жатат, отопление суусун коюш керек деп кайрылдым. Алар азыр акча, шарт жок болуп кармалып жатат деп жооп берди. Азыркы учурда болсо график менен 2 ден келип иштейбиз. Бизде лаборатория дагы бар, анын иштөөсүнө такыр эле шарт жок, ошондуктан оорукананын эле бир кабинетин алып отуруп, ошол жакта анализдерин карап берет. Ооруканага барып кайта мектеп кабинетине келүүгө дагы кыйынчылык жаратууда. Себеби, биздин учурдагы кабинетибиз тар болгондуктан, карточкаларыбыз, болгон журналдарыбыз чоң больница жакта, аларды биз иштеп жаткан кабинетке алып келүүгө мүмкүнчүлүк жок. Медайымдарыбыз улам барып алып келишет. Ушинтип эки имараттын ортосунда жүгүрүп жүрөбүз».
Ирина Токтоналиева
Токтоналиева Ирина. Чолпон дарыканасында 44 жылдан бери эмгектенип келет: «Биздин ооруканага көп ремонт керек. Башка айыл өкмөттөрдүн ооруканасына карасак көбүнчөсү ремонту менен экен. Ал эми биздин оорукананы жакшылап оңдоп жана даарыланып жата турган станционарларды да көп кылса жакшы болмок. Азыр оорукана көйгөйүнө байланыштуу көбүнчө үйлөрүндө даарыланып жатышат. Врачтарыбыз дагы жетишсиз. Жаштар, медиктер келип иштесе абдан жакшы болоор эле. Азыркы учурда тургундардын кобунчосунун ден соолугу начар, дарыканама күндөп түндөп келишет. Менден элдер көп эле дары алып дарыланып турушат. Элге дары дармек менен камсыз кылып, жетиштүү алып келгенге аракеттенем».
Роза Мамбеталиева
Мен Чолпон айылынын тургуну Мамбеталиева Роза: «Учурда биздин оорукана жардамга муктаж, капиталдык ремонттон өтө элек. Пенсияга жашы жетип калган дарыгерлер эмгектенип келишет. Биз оорукананын шартынын жогуна байланыштуу Кочкор районунун центрына барып көрүнүп келүүгө муктажбыз».
Шып түшүп калган
Оорукананын учурдагы абалы
Дагы бир бөлмөнүн да шыбы ушинтип урап түшүп калган
Мектептин имаратында оорулуулар дарыланууга мажбур
Имараттын ичинен чатыр көрүнүп турат
Кусейин Марат уулу, Аяна Аскарова, Малика Жумабекова