Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында заманбап жаңы оорукананын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Өлкөдөгү бир катар обьектилер менен аталган оорукананын ачылышына КРнын Президенти С.Жапаров старт берди.





Ачылыш салтанатына КРнын Нарын облусу боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Иманкулова, акимдин орун басары К.Эсеналиев жана айыл тургундары , медицина кызматкерлери катышты.
Маалыматка караганда, ооруканын курулушу үчүн республикалык бюджеттен «Казыналык облигация» аркылуу каржыланып, 66 млнго жакын каражатка толук курулуп бүттү. Ал эми имаратты куруу иштерин «Гигант-Строй» жоопкерчилиги чектелген коому аткарган.
Жаңы оорукана стационардык дарылоо үчүн 20, төрөт бөлүмүндө 5 койкалуу. Бир жуманын ичинде төрөт кабыл алынып, 2 наристе жарык дүйнөгө келди.
Барчын Мамытбекова