Ийгиликтүү адамдардын бирден бир сыры же ыкмасы эл алдына чыгып сүйлөө, баарлаша билүү жөндөмү болсо керек. Мындай жөндөмдөрдү балага кичине кезинен үйрөтүп, калыптандыра берген жакшы. Оратордук өнөргө үйрөнүүдө эмнелерди эске алуу керек, кантип баланы эл алдына чыккандагы коркуу, уялуу, тартынуу сезимдерин башкарганга үйрөтө алабыз. Оратордук чеберчилик боюнча тренер Нуржахан Асылбашева айтып берет.
— Баланын оратордук өнөрүн кантип өнүктүрүү керек?
Ар бир баланын мүнөзү ар башка болот. Кээ бир балдар баарлашууга ачык (экстраверт) болушса, айрымдары (интраверт) баарлашууга жабык болушат. Баарлашууга жабык балдарды ачуу бул -оратордук өнөргө балдарды берүүнүн бирден-бир себеби. Ошол үчүн баланын баарлашууга ачык, элден уялуу сезимин жок кылуу максатында өздөштүрүү зарыл. Уялуу, тартынуу сезимдерби бул бир гана эл алдына чыгып сүйлөө эмес, жаңы жер, жаңы кырдаалдарда өзүнүн оюн айта алуу, өзүнө керек нерсени сураганды билүү дагы баарлашууга ачык кылып тарбиялайт. Балдардын биринчи же экинчи топко кирип калуусуна үй-бүлөсүндө алган тарбия жана ата-энеси кандай мисал боло алганынан көз каранды болушу мүмкүн. Балада бул өнөрдү өнүктүрүү үчүн биринчиден чөйрө керек. Муну түзүү үчүн курстарга берүүгө болот. Бугүнкү күндө андай курстар абдан көп. Оратордук өнөр мектеп программасына кирбегендиктен көпчүлүк ата-энелер курска берүүгө даяр.
— Оратордук өнөр, эл алдынча чыгып сүйлөө эмне үчүн керек?
Улуу ойчул жана оратор Сократ: “Сүйлө анан мен сени көрөмүн, сенин ким экениңди билейин”-деп айткан экен. Сөз аркылуу өз оюн так, даана жеткирүү, сөздүн жардамы менен ийгиликке жетүү маанилүү. Балдарда өзүнө болгон ишенимин жогорулатуу, чечкиндүүлүгүн көрсөтүү. Эл алдына чыгып сүйлөө жеңил көрүнгөнү менен өзүнүн эрежелери, тартиптери бар. Бардык эле адамдар эл алдына чыгып сүйлөй бербейт. Эл алдына чыгып сүйлөгөн адам бул өзүнө-өзү ишенген, өзүн жеңген адамдар деп айтса болот. Анткени статистика жактан алып караганда дагы өзүнүн оюн так, даана жеткире алган адамдардын айлык маяналары дагы алда канча жогоруу, кадыр баркка ээ, достору көп болот. Бул руханий жана материалдык жактан дагы көп мүмкүнчүлүк берген өнөр деп айтсам болот. Кыргыз элинин тарыхында да чечендик өнөргө ээ адамдарды көпчүлүк укканга кызыктар болчу. Жөн гана угуп койбостон тон кийгизип, ат тартуулап узатышканын билебиз.
— Кантип бул көндүмдү өнүктүрсө болот,эмнеден баштоо зарыл?
Эң алгач сүйлөө техникасы, дикция, артикулация сөздүн тактыгы кирет. Ошол эле үндүн чыгуусу интоннация, темп деген түшүнүктөрдөн баштоо маанилүү. Оратордук өнөрдүн психологиясы дагы бар. Алгач сүйлөө техникасынан баштап, бара-бара оратордук өнөрдүн психологиясына өтүү керек.
— Балага ашыкча тынчсыздануу менен күрөшүүгө кантип жардам берсе болот?
Ашыкча тынчсыздануу эмнеден улам пайда болот ошого көңүл буруу керек. Биринчи себеби интернетти көп убакыт пайдалануудан болот. Себеби учурда ар бир балада уюлдук телефон андагы оюндар бар. Тынсызданууу бала толугу менен эртеден кечке окуу менен гана алек болгондо дагы пайда болушу мүмкүн. Анда аң сезим, моралдык жактан чарчайт. Ошого бардык нерсе ченеми менен болуп, эс алганды дагы унутпоо зарыл. Ошондой эле ата-эне менен баланын ортосундагы баарлашуу көпүрөсү. Көп учурда кырдаалга жараша ата-энелер жумушта болуп чарчап калып бала менен элементардуу баарлашуу өткөрө албай калышат. Балага жөн гана “бүгүн канча алдың?”эмес, баланын сезимдери тууралуу билүү, анын жашоосу менен кызыгуу сыяктуу сапаттуу баарлашуу жетишпейт деп ойлойм.
— Сиз онлайн жана офлайн курстарды өтүп келесиз алардын ичинен балдар үчүн дагы сабактарыңыз бар. Ушул учурда балдарда кандай кыйынчылыктар бар экенин байкадыңыз?
Ата-энелер балдарын каникул учурларда убакытты туура пайдалануу үчүн жана эл алдына чыгып сүйлөөдө кыйынчылыктар жаралып жаткан болсо жиберишет. Аларда көп учурда эл алдына чыкканда айтчу сөзүн унутуп калат, толкунданат, коркот деген сыяктуу көйгөйлөр жаралатю. Бул бир гана баарлашууга жабык балдарды эмес, баарлашууга ачык балдарды деле сүйлөө чеберчилигин өнүктүрүү үчүн керек.
— Ата-эне өз алдынча атайын курстарга жибербей эле балага кантип жардам берсе болот?
Үй-бүлөдө бул багыттагы кинолорду көрүп, аны талкуулап. Ошондой эле китеп окутуп, кайра түшүнүгүн айттырып же өзү көркөм, интоннация менен китеп окуп берсе болот. Балага убакыт бөлгөндө гана жыйынтыкка жетүүгө мүмкүн.
Басынтпай сүйлөшүү эмне үчүн керек?
Сиз балаңызды тилдейсизби? Орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети
Айгерим Кубатбекова