Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында көптөн күткөн футбол аянтчасынын курулуш иши аяктады.Футбол аянтчасы заманбап үлгүдөгү, баардык шарттары менен камсыздалган.

Футбол аянтчасынын сырткы көрүнүшү

Кулатов айыл өкмөтүнүн орун басары Сапарбек Бойдонов
Кулатов айыл өкмөтүнүн орун басары Сапарбек Бойдонов:
«Кызыл-Булак айылындагы футбол аянтчасынын курулуш иши 2020-жылы башталган. Жалпы 2 мллион сом акча каражаты айыл өкмөт тарабынан бөлүнгөн. 2020-жылы 250 миң сом акча каражаты бөлүнүп пайдубалын куруу иштери башталган. Быйылкы жылы 1,5 миллион сом акча каражаты бөлүнүп айланасы тосулуп, үстү жабылды, жашыл чөптөр алынды. Ойногондо ыңгайлуу болуусу үчүн чөптүн ичи кара желимчелер менен толтурулган. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Махабат Мавлянова да демөөрчүлүк көрсөттү. Элдер тарабынан да акча жыйналды.»

Футбол аянтчасынын ички көрүнүшү

Айылдагы футбол кызыгуучусу Нурмухаммед Камалов
Айылдагы футбол кызыгуучусу Нурмухаммед Камалов: «Биздин айылда футбол аянтчасы курулганына абдан кубанычтабыз. Футбол ойноо үчүн мындай мүмкүнчүлүк жок болчу. Кичинекей кезимен эле футбол ойногонго кызыгам,бош убактымды футбол ойноо менен өткөрөм. Досторум да көпчүлүк бөлүгү футболчу болууну самашат. Бул аянтча чоң шарт түзүп берип жатат. Ден-соолуктарың чыңдоого өбөлгө түзөт. Азыркы учурда ачылуусун чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.»
Чынара Көчкөнбаева