Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Руслан Чүмөдөев 20 жашынан бери мал багуу менен алектенет. Учурда эттин баасы кымбат болуп жаткандыгын айыл тургуну баса белгиледи.
«Мен 35 жаштамын, 20 жашымдан бери мал багуу менен алектенип келем. Мал семиртип жакшы пайда табуу үчүн малдын тоюту, жеми, чөбү кенен болуп жана ошондой эле короону жылуу, таза, жарык кармаш керек. Эгерде малга жеми, чөбү жетишсиз болсо төл албай калуу толук ыктымал. Жазында малдар төлдөй баштайт.»
«Үндүк жана тоокторго күнүнө 5 кг жем беребиз. Азыр короодо үйрөнчүк эки тай багып жатабыз аларга дагы жемин, чөбүн суусун камдап беребиз. Негизи барынан койдун түйшүгү көбүрөөк, түйшүгүнө жараша пайдасы дагы. Койлор төлдөй баштаган учурда астын кургактап жылуу жерге кармап, убагында жем, чөбүн, суусун берип тойбой калган козуларга кошумча жылуу сүтүн камдап, убагында кардын тойгузуу зарыл. Козулары туулгандан соң жарым сааттан кийин өз алдынча басып калышат. Жылкы жаныбары болсо таза, асыл, кишинин колун кармабайт, тоют сурабайт, кышкысын талаадан чыгат. Бирок жылкыга бат-баттан көз салып ит, куш, ууру кескиден кайтарып байкап туруу керек. Уй жаныбары койдон айырмасы жок, койдой эле багылат.
Пандемия учурунда эт менен малдын баасын көтөрүлүп, элдерде бир кыйла кыйынчылыктар жаралды. Пандемияда эттин баасы 450-500 чейин барды. Базарларда чоң уйлардын баасы жүз миңден ашса, чоң семиз койлордуку 20-25 миңге чейин жетти.
Пандемиядан кийин деле малдын баасы бир аз арзандады, бирок базарларда ээтин баасы 380-480 сомго чейин болууда. Мал менен иштеген адамдарга азыр баа жакшы, бирок азык-түлүккө болгон баалар кымбат болгондуктан, мал сатып пайда алуу бир аз кыйынчылыкка келет.»
Мал чарбачылык — үй жаныбарларын багууга асырап өстүрүүгө кам көрүүгө негизделген чарбанын тиби. Мал чарбачылык менен алектенип мал багуу оңой иш эмес ага көптөгөн мээнет талап кылынат. Ар бир үй жандыктын тоютун жаздан баштап эле камын көрө башташат.
Акбермет Руслан кызы