Акыркы мезгилдерде балдарда тили кеч чыгып, так сүйлөй албай, түрдүү тил маселелери көбөйүп жатат. Эл агартуунун отличниги логопед дефектолог, сурдопедагог, Гульнара Ногойбаева мунун себеби 1%га жетпеген пайызы гана тукум куугандан болбосо калган бардык таасирлер турмуштан пайда болгон.
Баланын тили канча жаштан так чыгыш керек же бул ар адамда жекече генге байланыштуу дагы болобу. Себеби кээ бир балдар 1 жашта эле тили так чыкса айрымдары 5-6 жашка чейин деле тилинде маселе жаралат?
— Нормада 7-9айга чейин бала үндүү тамгаларды чыгарып калыш керек, андан кийин жөнөкөй үндөрдү айтканда кайталап бере алат, сүйлөгөндү түшүнүп, күлүп калыш керек. Андан ары 9-11 айга чейин кичине кечиксе 1 жаш 1 айдагы балдар ойноп создөрдү айтып, муундап сүйлөп түшүндүрүп калат. 1,5 жаштан өткөндөн кийин сөздөрдү туура эмес болсо дагы айтып калат бирок, ал айткан сөздөрдү биз түшүнө алабыз. Деген менен балдардын дагы типи ар кандай болот ошого жараша мындан аркы өнүгүү жүрөт.
Бала биринчиден түшүнүш керек анан гана сүйлөй алат. Бала түшүнбөй туруп эле айткан сөздү кайталаса туура эмес болуп калат.
Бала 2 эле себептен улам сүйлөбөйт. Биринчиси акылы жетпей сүйлөбөйт, экинчиси укпай калган бала сүйлөй албайт. Акылы жетпей дегенде тубаса түрдүү жараттардан болушу мүмкүн. Ал эми укпаган балдар үчүн учурда түрдүү ыкмалар бар компьютердик изилдөөдөн өткөндөн кийин кайсыл даражада экенин аныктап туруп ар кандай аппараттарды колдонгонго болот. Бул канчалык эртерээк болсо ошончолук натыйжасын берет.
Баланын тили чыгуусу кеч болуп жататканын себеби эмнеде?
— Буга таасир этүүчү ички жана сырткы факторлор көп. Эне кош бойлуу учурда же төрөт учурундагы турдүү туура эмес абалдар таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок, бул учурду кайра кайтарып оңдоого мүмкүн болбогондуктан эми ушул учурда кантип жардам берсе болорун ойлонуп ошонун үстүндө иштөө керек. Ал үчүн тишелүү адистер бара аларга кайрылып айтканын аткаруу зарыл.
Эгерде төмөнкү учурлар байкалып жатса адиске кайрылууңуз керек:
— Балаңыз атынан чакырганда карабаса
— Айткан сөздү түшүнөбү ошону байкаш керек
— Бутунун башы менен басса
— Бала ой жүгүртпөй кыймыл аракеттери өтө тез, тентек болуп оттон, суудан коркпой жатса
— Генетикалык жактан болушу мүмкүн
Акыл эси жетилген баланын айрым тамга, тыбыштарды туура эмес айтып же айта албай жатканы эмнеден?
-Бул тигил акыл эсинен калган же кулагы укпагандардан айырмаланып логопед, педиатрлардын жардамы менен оңдоого болот. Ал үчүн түрдүү ыкмалар бар. Муну эрте убагында адистерге койдуруп оңдотпой жүрө берүү бала мектепке барып баштаганда жат жазуу жазганда, үнүн чыгарып окуганда кыйынчылык жаратып баланы чүнчүтүшү мүмкүн. Анын артында кекечтенип, тартынып, сүйлөбөй психологиялык процесстер көп болот. Бул оңоло турган нерсе кайсы гана куракта болбосун келип тыбышты койдурса болот. Мага жашы улгайып калган апалар деле небересин алып келип жатып өзү дагы койдуруп алган учурлар болгон.
Түшүнүп, ой жүгүртүп анан сөз чыгат.
— Учурда технологиялар аң сезиминин өсүүсү кайсы бир учурда жакшы таасирин тийгизсе дагы бир учуларда начар болуп калып жатат. Көп ата-энелер баланы телефон менен алаксытышат. Негизи бала оюнчук менен ойноп чоңоюш керек. Айткан сөздү түшүнүш керек. Азыр көп ата энелер баласынын акылдан калып жатканын аңдашпайт. Бала телефон аркылуу англис тилинде сөздөрдү айтып же ырдап жаткан болсо мына балам барын түшүнөт телефондон үйрөнүп алды деп ойлошот. Бул балаңыздын технология заманыда төрөлүп калганынан улам эле болуп жатат. Бала уккан үчүн аны кайталап жатат чындап аны түшүнгөн жок.Оюнчук менен ойнош керек десе эле балага толтура оюнчук берип коюу эмес, оюн керек.
Балаңызга эл алдына чыгып сүйлөөдө кантип жардам бере аласыз?
Балаңыз тез-тезден ооруп жатса ага мээрим жетишпей жатышы мүмкүн
Балаңыз акча жөнүндө эмне билиш керек?
Сиз балаңызды тилдейсизби? Орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети
Айгерим Кубатбекова