Учурда элет жеринде ишкерлик кылуунун жолдору абдан көп. Мисалы, кийим тигүү, чач тарач, мал байлоо, тоок багуу, сүт иштетүү сыяктуу. Албетте, ишкердик кылуунун пайдасы менен бирге, кыйынчылыгы жана тоскоолдуктары да бар.
Биз бүгүн жаш ишкерлер тууралуу айтып берүүнү туура көрдүк. Айыл жеринде жашап, ийгиликке жеткен жаш ишкерлер аз эмес. Анда сиздерге төмөнкү маекти сунуштайбыз.
Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын тургуну Бактияр Шаршеналиев 5 ай мурун чакан тигүү цехин ачкан. Азыркы учурда бул цехте 12 аял жумуш менен камсыз болуп, үй-бүлөсүнө киреше алып келишүүдө. Көбүнчө айымдадын көйнөктөрү тигилет, сапаты эң мыкты. Ал эми тигилип даяр болгон кийимдер түз эле Москва шаарына жөнөтүлөт.
Айлык маяналары жума сайын берилет, жумасына орто эсеп менен 4-5 миң сомдон алышат. 25 жаштагы жаш ишкер Бактияр кичине кезинен бери эле ишкер болууну кыялданчу. Кыялын ишке ашыруу максатында чакан цех ачып, келечекте аны дагы чоңойтуп, көбүрөөк адамды жумуш менен камсыз кылсам деген максаты менен бөлүштү.
Ушул цехте эмгектенген айыл тургуну Нурзат Сабырбек кызы буларды айтып берди:
«Мен бул цехте 5 айдан бери иштейм. Чакан ишкананын ачылышы бардык эле үйдө отурган жумушсуз айымдар үчүн жакшы болду. Жумуш дайыма болуп турат. Маянабызды жума сайын алабыз. Кийимдерди сапаттуу тигип беребиз. Жумуш менен камсыз болгонума абдан кубанычтамын».
Ал эми Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Айпери Саламат кызы райондун борборундагы чач -тарачканалардын биринде иштейт:
«Атым Айпери. Жашым 25 те. Учурда «Фэн» чач-тарачканасында иштейм. Иштегениме 5 жылдын жүзү болду. Негизги кесибим мугалим, ал кесип боюнча иштеген жокмун. Кочкор району тогуз жолдун тоомунда жайгашкандыктан дайыма эл көп. Бизге келген кардарлар да үзүлбөйт. Жумуш дайыма болуп турат. Ушул ишкерликтин арты менен көп ийгиликтерге жетиштим, эң башкысы унаа алдым»,- деп сөзүн аяктады жаш ишкер айым.
Айпери Шаршеналиева