Ар бир кесип ардактуу, бирок замандын талабына ылайык бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрдүн алдында татаал тандоо турат. Өздөрүнүн кесибин тандоодо туура чечим кабыл алууга «Глобалдык өзгөрүүлөр» коомдук фонду Кочкор айылынын 9-10-11-класстарынын окуучуларына тренинг өтүп беришти.
Кандай кесип тандасам болот?
Кесипке багыттоо боюнча маалыматты «Глобалдык өзгөрүүлөр» КФ директору Нурия Атамкулова маалымат берди:
«Кесипке багыттоо жана келечек тенденциялары темасы боюнча Кочкор айылынын мектеп окуучуларына тренинг өткөрүп жаткан кезибиз.
Тренингдин максаты биздин бүтүрүүчүлөр кесипти тандоодо эмгек рыногунун талаптарын эске алуу менен жакшы кесипти тандап алуу.
Жана азыркы учурдагы эң актуалдуу кесиптер боюнча интернет веб- дизайнер жана IT-тренер Айсулуу Космосбекова кийинки маалыматка токтолду:
Азыркы заманга ылайык көптөгөн жаңы жана кызыктуу кесиптер пайда болгон, бул IT-технология тармагы болуп эсептелет. Бул программист кесиби, ал кайра көп багыттарга бөлүнөт. Мисалы, веб- дизайнерлер, тестировщиктер, Frotend жана Backend программист кесиби жана башкалар.
Кененирээк маалыматты кийинки эфирден уксаңыздар болот:
Азиза Максатбек кызы