Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021- жылдын 21- январындагы «Инсандын рухий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү биринчи жарлыгынын алкагында Руханий- адептик түшүнүктөрдү калыптандыруу максатында «Эс тутумсуз тарых болбойт, тарыхсыз салт болбойт, салтсыз маданият болбойт, маданиятсыз тарбия болбойт, тарбиясыз инсан болбойт, инсансыз улут болбойт» деген аталыштагы тарбиялык саат тегерек стол болуп өттү.
Бул тегерек столго айыл активисттери, айыл өкмөт жетекчилери, баатыр апалар, ардагер мугалимдер, ата-энелер, мектеп мугалимдери жана окуучулар катышышты. Иш- чараны Т.Айбашев мектебинин жалпы жамааты уюштурду. Аны тарых мугалим Чынара Нурманова өткөрүп талкуу жүргүздү.
Иш чарага катышкан окуучулар жана коноктор
Талкуу болуп жаткан учур
Курсан Маткаримов
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Муниципалдык менчик обьектилерди куруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Курсан Маткаримов:
«Т. Айбашев атындагы орто мектебинин жалпы жамааты уюштурган иш чара жогорку деңгээлде өттү.Президенттин 2021-жылдагы жарлыгына ылайык уюштурулду. Келген коноктор аябай ыраазы болдук. Коомчулукту, балдарды тарбиялоодо жаштар менен жашы улуу адамдардын мамилесин чыңдоо, кыргыздын улуттук баалуулуктарын даңазалоо максатында уюштурулуптур. Иш чара жогорку деңгээлде өттү.»
Келген коноктор
Чынара Көчкөнбаева