Нарын облусуна караштуу Кочкор районунундагы Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектепте тарых сабагынан тест болуп өттү. Тестти Ишеналы Арабаев университети тарабынан келген.
«Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетинен келдик.Биз эки чоң максат менен келгенбиз. Биринчиден кечээ Кочкор районунун тарых сабагынан берген мугалимдерине классификацияны жогорулатуу максатында семинар өткөрүлдү. Ал эми бүгүн 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө олимпиада өткөрүп жатабыз. Олимпиада тапшырмалары «Дүйнөнүн тарыхы жана Кыргызстандын тарыхы» предметтери боюнча болду. Ушул сынактын жыйынтыгы боюнча балдарга сертификаттар тапшырылат.
Ошондой эле сертификаты алган окуучулар биздин окуу жайды тандап, контракттык бөлүмгө тапшырса, ал балдарга окуу акысынан жеңилдиктерди беребиз. Эгер 1-орунду алган болсо 30% ,2-орун 20%, 3-орун 10% окуу акысынан жеңилдик берилет. Биздин экинчи максатыбыз тарых сабагына кызыккан, келечектеги тарых мугалимдерин тандап алуу. Тестке жалпы 12 мектептин окуучулары катышып, алар 2 мектепке бөлүнүштү. Өйдөкү зона Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебине, калгандары Кочкор районуна бөлүндү. Болжол менен 32 окуучу катышты. Менин оюмча балдардын билим деңгээли жаман эмес, башкача айтканда ортодон жогорку деңгээлде десем болот».
Акылай Болотбекова, Гулира Сатарова, Кусейин Марат уулу