Кулатов айыл аймагындагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинде 42 жыл үзүрлүү эмгектенген Орозали Белековду эскерүү кечеси өткөрүлдү. Кечени анын жубайы математика мугалими Шырман Мусаева уюштурду. Кечеге балдары, бир туугандары жана окуучулары катышты. Шырман Мусаева өзүн атынан волейбол оюнун ойнотуп, акчалай сыйлыктарды уюштурду.
Конок катары «Арык-Тейит Нуру» балдар бакчасынын мугалимдери чакырылды. Командаларга бөлүнүп Т.Айбашев мугалимдери менен ойноду.
Кененирээк төмөнкү видеодон көрө аласыздар!
Чынара Көчкөнбаева