Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучулары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жалпы билим берүүчү орто мектептердин арасында аскерге чейинки даярдык боюнча республикалык спартакиадасынын облустук турунда 2-орунду камсыз кылышты.
Спартакиадага катышкан командалар саптык тизилүүдө
Расул Илиясов Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу диплом алуу учуру
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы 2-орунду камсыз кылды
Спартакиадага Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын, Жумгал, Кочкор райондорунун жана Нарын шаарынын командалары катышып, саптык даярдык, күч көрсөтүүчү көнүгүү, 100 метр аралыкка чуркоо, автомат чачуу жана куроо, команда менен 1 километр аралыкка чуркоо, алыска граната ыргытуу тапшырмаларын аткарышты.
АЧД мугалими Шаршенбек Мурзабеков
Мектептин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Шаршенбек Мурзабековдун маалыматына караганда аталган мектептин окуучулары спартакиаданын райондук турунда жеңүүчү болушуп, облустук турга жолдомо алышкан.
«Райондук спартакиадага 16 мектеп катышкан. Окуучуларды аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалимдери даярдашат. Бул республикалык спартакиада жаштарды аскердик кызмат өтөөгө даярдоо максатын көздөйт жана дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга кызыктыруу, массалык спортко машыгууга көнүктүрүү өңдүү бир катар милдеттери бар»,- деди.
Жыйынтыгында мыкты даярдыктарды көрсөткөн командаларга дипломдор жана кубок тапшырылды.
Барчын Мамытбекова