Кочкор районуна караштуу Чолпон айылына чоң суу келип арыктар тазаланып жатат. Бул ишти алып барган Чолпон айылынын башчысы Асель Сатыбалдиева төмөнкүдөй маалымат берди.
Чолпон айылынын башчысы Асель Сатыбалдиева
«Алгачкы ирет суу маселеси боюнча айта кетсем, биздин айылга 7-8 жылдан бери суу келбегендиктен, арыктардын ичи толуп калган. Айыл ичиндеги бардык көчөлөрдүн аягына чейин суу жеткирип, арыктарын тарттырууга аракет кылып жаткан учурубуз.
Быйыл суу кенен болгонуна байланыштуу, коңшу айылдардын башатынан баштап, каналдарынын буга чейин ачылбаган көздөрүн ачып чыктык. Ушул иштердин аткарылышына айыл тургундары да өз салымдарын кошуп жатышты. Бул иштин бардыгы бир эле адамдын колунан келе турчу иш эмес. Ушул жумушка орношкондон тартып, эң негизги орчундуу, көйгөйлүү маселелерибиздин бири болгондуктан дароо ишке киришип баштадым.
Акырындык менен айылыбызга суу кенен жетишине аракет кылабыз. Айылга суу толугу менен киргизип бүтө элекпиз, таштандыга толуп калган арыктарды тазалап, даярдап жатабыз. Айылдын 50% нын арыктары казылып бүттү. Бизде учурда каналдарга суу келе турчу проектилер ишке ашырылып жатат. Күзгө чейин проектилердин алкагында, суунун келишин толук түрдө иш жүзүнө ашырууга аракет кылабыз. Биздин чакан ишке жайыт комитетинен акча бөлүнүп берилип, ошол акчаларга темирлер алынып, тургундардын жардамы менен проектибиз өз ишин толук түрдө баштады».
7-8 жылдан бери суу келбей жер менен жер болуп калган арыктар тартылууда
Айыл ичиндеги арыктардын 50% тартылып бүттү
Айыл ичине суу кирди
Малика Жумабекова, Кусейин Марат уулу