Тоолуу жана суук аймактардын сап башында турган Нарын облусунда айдап-себүү иштери башталды. Бирок жергиликтүү дыйкандардын айтымында, жазгы талаа иштери жай жүрүүдө.
Эскилиги жетип, бузулган трактор
Нарын районунун Куланак айылынын тургуну Стам Райымбеков, ушул күнгө чейин айдоо аянтын эмдигиче айдата албай жатканын билдирди. Анын себеби айылында айыл чарба техникасы жетишсиз.
«Биздин айылда башынан эле айыл чарба техникалары жетишсиз. Эски тракторлор бар, алар дагы бат-баттан бузула берет. Жаңы тракторлордон бир, экөө эле бар. Жазында, күзүндө баягы техника маселеси жаралат. Жер айдоо апрель айынын башында эле башталган, дагы деле айдоо бүтө элек. Күн өтүп атат, азыр бизге ар бир күн абдан маанилүү», — дейт ал.
Стам Райымбеков
Ошондой эле, кубаттуу техниканын жоктугунан көп жылдан бери чөп баскан айдоо жерлер бузулбай келет. Ал болсо дыйкандар үчүн көйгөлүү болуп саналат. Анткени, айдоо талааларына эгиле турган өсүмдүктөрдү улам алмаштырып туруу керек. Атпесе жердин кубаты кетип, түшүмдүүлүк төмөндөйт. Ошондуктан, көп жылдык чөптөн кийин жерди бузуп, дан жана жер-жемиштерди эгип туруу зарыл.
«Мисалы, айылда көп жылдан бери айдала элек дың [дың-катуу жер] жерлер бар. Ал жерлерди дагы деле буздура албай жаткандар бар. Мисалы биз малды көп баккандыктан көбүнчө чөп өстүрөбүз да. Ошол чөп өскөн жерди айдатып, буудай же картошка эгейин десек техникалардын күчү жетпейт. Анткени жер катуу болуп, чым болуп калган. Эми жыл сайын эле чөп өстүрө бербей ар кандай дан өсүмдүктөрүн деле айдаш керек да», — дейт ал.
Эски трактор
Ал эми облустук бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө, Нарын облусунда техника боюнча маселе жок.
«Айдоо иштери өз нугу менен эле жүрүп жатат. Учурда айдап себүү иштеринин 75%ы аяктап калды. Негизи техникалар бардык айыл өкмөттөрдө жетиштүү эле болчу. Техникаларды жаңылап, лизингге техника алууга айыл өкмөт башчыларга тапшырмалар берилген. Учурда техникаларды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат», — дейт облус башчы Сабыркул Ашимбаев.
Сабыркул Ашимбаев
Анын айтымында, Нарын облусу боюнча 1900дөн ашык айыл чарба техникалары бар болсо, анын 1780 жарактуу. Ал эми 120 техника иштебейт.
Дыйкандарга берилүүчү жеңилдетилген насыялар
Ал эми Айыл чарбасын механизациялаштыруу инновациялык технологиялар жана кооперация боюнча департаменттин директору Нурлан Кожогулов дыйкандарды техника менен камсыз кылуу максатында жети долбоор иштеп жатканын билдирди.
Нурлан Кожогулов
Ошондой эле, ал лизинг фонду аркылуу дыйкандарга жеңилдетилген насылар берилип жатканын дагы белгиледи.
Өкмөт быйылкы жылы «Айыл банкка» 271 миллион сом бөлгөн. Бул каражат фермер-дыйкандарга жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларга лизинг шартында техника, машина алууга жумшалат.
Лизингге келген техникалар. Сүрөт: Айыл чарба министрлиги
Ал эми дыйкандар «Айыл Банктан» 10 жылдык мөөнөттөгү лизингге өздөрү каалаган айыл чарба техникаларын ала алышат.
«Бүгүнкү күндө айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу максатында ар кандай долбоорлор иштелип жатат. Мындан сырткары, лизинг фондунун негизинде дагы дыйкандарга техника алуу максатында жеңилдетилген насыялар берилип жатат. Насыялар дыйкандарга 6 пайыз менен 7 жылдан 10 жылга чейин берилет. Алар техниканын акчасын толук төлөп бүткөндөн кийин дыйкандын менчигине толук өтөт», — дейт ал.
Мындан сырткары, Кожокулов лизингге техника кантип алуу керектигине дагы токтолду. Анын айтымында, мамлекетте карызы жок гана дыйкандар жеңилдетилген пайыз менен насыя ала алышат.
«Мисалы, дыйкан бизнес долбоорун түзүп, аны “Айыл банкка” барып сунуштайт. Эгер шарттарына туура келсе жеңилдетилген пайыз менен насыяга техника ала алышат. Эгер насыя ала турган дыйкандын башка карызы болсо анда ал техниканы ала албайт. Карызы жок болсо банк ага насыя берүүгө милдеттүү. Андан сырткары, лизингге алган техникалардын эки жылга чейин мөөнөтү бар. Эгерде эки жылдын ичинде бузулуп калса, анда башкасына алмаштырып алса болот. Ал эми дыйкандар өздөрү чет мамлекеттен оор техника алып келишсе, бажыдан салык төлөм алынбайт. Бул дагы фермерлерге жеңилдик», — дейт ал.
Нурланбек Кожокулов лизинг системасынан сырткары дагы дыйкандар өздөрүнүн каражаттарына техникаларды сатып алып жатканын дагы белгиледи. Анын айтымында, 2021-жылдын статистикалык маалыматы боюнча, дыйкандар жыл сайын чет мамлекеттен 1200 чейин оор техникаларды алдыртышат.
Эксперттердин талдоо жана сунушу
«Элдик экономик» түрмөгүндө айыл-чарба жаатындагы адис Манас Саматов айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу системасын түп-тамыры менен өзгөртүү зарыл деп эсептейт.
Манас Саматов
«Биздин өкмөттүн агрардык техникалык саясаты такыр жок. Профессионалдык деңгээлде түзүлгөн агрардык техникалык саясаты түзүлүш керек. Мына биз эгемендүү өлкө болгонубузга 30 жыл болду. Бирок Беларусия бизге баягы эле советтер союзунан калган, дүйнөдө жок эски тракторлорду сатып жатат. Аларды Кыргызстандан башка мамлекет сатып албайт. Анткени ал техникалардын күчү жок. Биздин “Айыл банк” коррупциялашып кеткен. Алар ошол техникаларды алып келип жатат. Беларусиядан алып келген техникаларга караганда кытайдын техникалары жакшы. Бирок баары бир Европанын техникаларына жетпейт», — деди Саматов.
Саматов Кыргызстанга сапаттуу батыш стандарттарына төп келген тракторлорду алып келип, лизингге берүү керектигин белгилейт. Анын айтымында, Түркиянын техникалары сапаттуу болуп, талапка ылайык жасалган.
«Мен жакшы, сапатуу техникаларды алуунун жолдорун көп жылдан бери эле сунуштап келе жатам. Мисалы оор техникалар дагы эски жана жаңы деп бөлүнөт. Түркияда аябай чоң базар бар. Ал жакта арзан сатылган оор техниклар бар. “Айыл банк” ошол жактан деле алып келип, лизингге берсе биздин дыйкандарга эле жакшы болмок. Алардын тракторлорунун сапаты аябай жакшы. Биздин шартка дагы туура келет. Бирок бул маселени чечип, фермерлерге жакшы шарт түзүп бере турган жетекчи жок», — деди ал.
Ал эми Түркиянын Конья шаарында айыл чарба техникаларын чыгарган Efcagri ишканасында экспорт менеджер болуп иштеп жаткан кыргызстандык Иззатбек Берхмамбетов Туркиядан оор техникаларды алуунун жолдоруна токтолду.
«Техникалар айыл чарба багытын өнүктүрүүдөгү эң чоң жолу болуп эсептелинет. Кыргызстанга башка өлкөнүн эски техникаларын алып келип көп сатышат. Алардын баасы арзандай сезилиши мүмкүн, бирок ал техникалар көп бузулуп, дыйкандарга кошумча түйшүк жарата берет. Мен иштеген фирмага кыргызстандык фермерлер кайрылып, техникаларды түз алдыртса болот. Баасы дагы арзан жана сапаттуу. Айрым фермерлер бизден техника алдыртышат», — деди ал.
Түркиядан чыккан оор техника. Сүрөт: efcagri.com сайтынан алынды
Ошондой эле, ал ортомчу ишкерлерден бажы салыгын алып салуу керектигин айтат. Анткени ишкерлер Кыргызстанга техника алып келсе бажыдан сырткары дагы салык төлөйт.
Түркиядан чыккан оор техника. Сүрөт: efcagri.com сайтынан алынды
«Кыргызстанда бул маселени чечүү үчүн дагы бир жакшы жеңилдик бар экен. Фермер айыл чарба техникасын сатып алып келсе, бажы төлөм алынбайт экен. Бул дагы жакшы колдоо. Бирок, ортомчу жеке ишкерлерге деле ошондой жеңилдик беришсе жакшы болмок. Анткени жеке ишкер Кыргызстанга техника алып барып сатса, бажы төлөм алынат, андан сырткары дагы мамлекетке салык төлөйт. Анан ал техниканы дыйкандарга кымбат сатып калат. Ошон үчүн бажы төлөмдү алып салсак ишкерлерге дагы, дыйкандарга дагы жеңилдик болмок», — деди ал.
Түркиядан чыккан оор техника. Сүрөт: efcagri.com сайтынан алынды
Маселени жөнгө салган айыл өкмөт
10 миңден ашык калк жашаган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында эки жыл мурун айыл чарба техникаларын алуу олутту маселелердин бири болчу. Бирок айыл өкмөттүн жардамы менен дыйкандар техникаларды лизингге алышкан.
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев лизингге техникалар алынып келгенден бери айылдын эң чоң көйгөйлүү маселелеринин бири чечилгенин айтат.
«Беларус 892.2 үлгүсүндөгү айыл чарба трактору
«Бизде трактор, комбайн деген техникалар аябай тартыш болуп келген. Кээде күзүндө мал тоодон түшкөнчө эгин жыйнап жетишпей калышчу. Мал тебелеп, дыйкандар чыгымга учураган дагы күндөр болгон. Кийин «Айыл банктан» насыя алып, «Nova 340» комбайны жана «Беларус 892.2 үлгүсүндөгү тракторлордон алдык. Жыл сайын насыясын төлөп турабыз. Быйыл дагы техникаларды алып, дыйкандарга шарт түзүп берели деп жатабыз», — деди ал.
«Nova 340» комбайны
Кырдаалдан чыгуунун жолун издеген жергиликтүү тургундар
Элет жеринде кырдаалдан чыгуунун жолун издегендер дагы жок эмес. Арзымат Андарбеков колунда бар тетиктерди чогултуп, айдап, сээп, терип алууга жараган чакан техника курап чыккан. Дыйкандын өз колу менен чогулткан техникасы, Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын тургундарынын керегине жарап жаткан мезгили. Техниканы болсо кышкысын бош кезинде кураштырган.
Кураштырылган трактор.
«Кышында жумуш жок болот. Ар кайсы тетиктерден чакан тркторду кураштырдык. Аны жасоодо байкем дагы бир аз көмөктөштү. Чакан тракторду картошка айдап, кайра аны казып ала тургандай кылып жасадык. Бирок мен аны толук кандуу бүттү деп айта албайм. Учурда жасала турчу дагы көп иштери бар, бирок азыр иштетип жатабыз. Анткени азыр айдап-себүү иштердин сезону. Азыр аны менен элдин картошкаларын айдап берип жатам. Буюрса быйыл кышында техниканын башка түрүн дагы жасайын деген ойлорум бар. Албетте мен жасаган техника дүйнөлүк стандартка жооп бербесе дагы чакан айыл үчүн кызмат кылып турса бул жакшы эле деп ойлойм», — деди ал.
Андарбеков мындан сырткары айылда, эгин жана чөп жыйноо мезгилдеринде техника жетишпей, айыл эли ал маалда, техниканы башка райондордон жалдап келип, иштетишээрин дагы баса белгиледи.
Дилде Шатанова
Сүрөттүн автору: Гүлбарчын Мамбетова, Дилде Шатанова, Айыл чарба министрлиги