Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы Урмат Алыпсатаров бир ай алкагында элден чогултулган суроо, көйгөйлөрүн угуп түз эфирде жооп берди. «Ачык өкмөт» аталышындагы түз эфир инстаграмда радионун баракчасы жана төраганын жеке баракчасы аркылуу уюштурулду. Алдын-ала ар түрдүү каналдар аркылуу чогултулган суроолорго, жооптор алынды. Алардын айрымдарын карточкага салып көрсөтөбүз:
«Ачык өкмөт» долбоору 2022-жылдын май айына башталды. Долбоордун алкагында Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы жана Суусамыр айылдык кеңешинин башчысы айыл элинен келген ар тармактуу суроолорго жооп беришет.
Айтурган Кушкарбекова