Кыргыз республикасынын президентинин 2022-жылдын 2- февралындагы «2022-жылды тоолордун экосистеманын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө». Жарлыгынын алкагында Улуттук «Жашыл мурас» өнөктүгүнө ылайык экологиялык жүрүш Кочкор айылында уюштурулду.
Кочкор айыл өкмөтүндө жашылдандыруунун 3айлык иш чарасында уюштурулган акциясынын негизинде экологиялык комитет түзүлүп, 13-май күнү 3 мектептин окуучуларынын, мугалимдерин,айыл кеңешинин депутаттары — Э.Тойтоев, Б.Сламов. Ыктыярчылары — С.Садыкова, Б.Нишанова.
Кочкор айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Чоргоева.»Финка-банк»өкүлү А.Ишенбек уулунун катышуусунда экологиялык жүрүш жүргүзүлдү.
Жүрүштүн максаты: Калкыбыздын таза жашоо менен,ар бир үйдү жашылдандыруу иштерине үндөө.
Иш чараны алдын ала соц.тармактарга ролик, сүрөт аркылуу жарыяланган.
Бүгүнкү акция өзүнүн максатына жетип, жыйынтыктоо аземинде экологияга өзүнүн салымынын кошкон айыл тургундарына Кочкор айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каттары тапшырылды.
Акцияга катышкан окуучуларга суусундук ,бал-муздак, таттуу белектер берилди.
Аягында чогулган таштандыларды Жаңы-Жол айылында жайгашкан таштанды кабыл алуучу жайга өткөрүлүп,мектептер өздөрүнүн мектеп фондуна акча таап алышты.
Жыйынтыгында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Курбанбек Камчиев жана Кочкор айыл өкмөтүнө Мирлан Исраиловго экологиялык жүрүштүн катышуучуларына кайрылуу кат жөнөтүлдү.
Экологиялык жүрүштү кийинки видеодон көрсөңүздөр болот:
Нурия Карымбаева
Сюита Түмөнбаева
Азиза Максатбек кызы