17-май күнү Кочкор айылынын борборуна «Кыргыз Туризм» компаниясынын колдоосу менен заманбап экологияга чакырык жөнүндө такта коюп берди. Андан тышкары, Кочкор айылынын айыл өкмөтүнө жана Кочкор районунун «Экология» комитетине, экология көйгөйлөрүн азайтуу боюнча аткарылып жаткан иш- чараларына ыраазычылык кат менен сыйлашты.
Ошондой эле көп жылдан бери «Кыргыз Туризм» компаниясы менен тыгыз кызматташтыкта иш алып жүргөн Кочкор айылынын тургуну «СБТ плюс ЭКО»уюмунун мүчөсү Бугалча Нишанова экологияга салым кошуу үчүн ыраазычылык кат менен сыйланды.
«Экология» комитетинин активдүү мүчөсү Бугалча Нишанова өзүнүн ой- пикири менен бөлүшүп кетти:
«13-май күнү өткөн экологиялык жүрүш өзүнүн жемишин берип жатат деген ойдомун, анткени комитет, мектеп окуучулар «Тазалык» ишканасы, Кочкор айылынын айыл өкмөтү жана көптөгөн экологияга кайдыгер карабаган инсандар чоң иш аткарып беришти.
«Кыргыз Туризм» биздин көп жылдан берки өнөктөшүбүз. Кочкордо өтүп жаткан болгон экологиялык акцияларына өздөрүнүн салымын жана колдоосун көрсөтүп жүрүшөт.
Кочкор таза болсо, район таза болот, район таза болсо, аймак таза болот, аймак таза болсо, Кыргызстан таза болот! деген ураан менен сөзүн аяктады.
Нурия Карымбаева