Бүгүн Ак-Талаа районунда 1979-1989-жылдары Афганистан өлкөсүндөгү жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткарып, баатырларча курман болгон, Советтер Союзунун «Кызыл Жылдыз» орденинин ээси Асылбек Кожековдун эстелиги ачылып, эскерүү болду. Баатырдын айкели бир туугандары тарабынан жасалып, Баетов айылындагы Афган жана Баткен согушунун ардагерлерине арналган эстеликтин жанына орнотулду.
Эскерүүгө бир туугандары, классташтары, майданда бирге жүргөн куралдаштары жана Афган согушунун ардагерлери катышып, анын эрдигин эскеришип, маркумга багыштап куран окушту.
Асылбек Кожеков 1965-жылы Куртка (азыркы Жаңы-Талап) айылында туулган. Анын атасы Эсенгул Кожеков аталган айылда мектеп директору болуп иштеген. Асылбек үй-бүлөдө 12 бир туугандын тогузунчусу болгон. Ал мектепти аяктагандан кийин Пржевальск шаарына айыл чарба адистиги боюнча билим алууга бармак. Бирок, айылдаштары Назырбек Керимкулов, Жылдызбек Алдеев менен бирге аскерге кызмат өтөөгө чакырылган (1983-жыл). Аларды аскер комиссариатынан чыккан «ПАЗ» үлгүсүндөгү сары автобус аскерге алып кеткен. Ак-Талаадан чыккан 17 жигитке Тогуз-Тородон 10 жигит кошулуп, алар Бишкектин Ленин райондук аскер комиссариатына түнөп, эртеси поезд менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына жөнөтүлгөн. Бул жерде жарым жылдык аскердик окуудан жана машыгуудан өтүшкөн.
Ооган согушунун ардагери Жаныбек Жолдошев Асылбекти акыркы жолу көргөнүн эскерди.
«Ошентип Түркмөнстандын чөлдүү талааларында машыгуу өтөдүк. Бронетранспортерлордун бардык ыкчам жүрүштөрүн, чабуулга чыгуу, коргонуу жолдорун толук окуп үйрөндүк. Согуш талаасына жолдомо алгандардын арасында Баетов айылынан Конокбай Атабеков, «Кызыл Жылдыз» орденинин ээлери Жаныбек Жолдошов, Абылгазы Үмөтов, Алмаз Сарыгулов, Кенжебек Такырбашев, Сыргак Алашов дагы бир топ 18 жаштагы жигиттер бар эле. Ал эми, Ак-Талаадан бирге барган 17 бала Ашхабаддан ар жерге кызмат кылууга тарадык. Ошол бойдон Асылбекти көргөн жокмун», — деди ал.
Учурда Тогуз-Тородо Жол тейлөө ишканасында бульдозер айдап иштеген Ооган ардагери Темиркан Акматалиев А.Кожеков туурасында көргөн-билгендерин айтып берген эле.
«1984-жылы 30-сентябрда адаттагыдай эле аскердик техникалардын жана жөө аскерлердин коштоосу астында Асылбектер Бахарактан чыгышкан. Алар Кундуз шаарына кетүүчү ашуудагы коргонуу чебине ок-дары, азык-түлүк жеткиришмек. Мотоаткычтар ротасы менен тоо ашуудагы буктурмага кабылышкан. Азыркы талибанчылар менен ошол жерде катуу кармаш болуп, Асылбектин башына ок тийип каза болгон», — деди Т.Акматалиев.
Мына ушул айыгышкан кармашта А.Кожеков ажал менен өмүрдүн ортосунда башка аскерлерден айырмаланып, талибанчыларга карата ок чыгарып, жан аябай салгылашкан. Комсоо, көзгө көрүнбөгөн борчуктуу таштардын арасынан аткылап жаткан душмандардын төртөөсүн жок кылган. Акыры өзүнө да ок тийип мекенине кайтпай калган.
А.Кожековдун сөөгүн жеткирип келген татар жигити анын туугандарына жолукканда мындай деп айткан экен.
«Асылбек ок атуучу болгон. Буктурмага кабылган маалда ондогон жүк ташыган автоунааларды коргогон 2 танк, 2 БТР жана 3 БМП, 2 взвод жоокерлер, бир нече офицерлер бар болчу. Ошентип, алар менен катуу кармаштык. Атышуулар басылган соң, ротанын командири жоокерлерди толуктап жатты. Танк жана БТР жарактан чыгып калыптыр. Танктын механик-айдоочусу жана пулёметчик мүрт кетиптир. Калган экипаждын мүчөлөрү да оор жаракат алган. Аларды «Груз-300» унаасына салып, госпиталга жөнөттүк. Ал эми каза болгондорду «Груз-200» унаасына салдык. Алардын арасында Асылбек да бар эле», — деп эскерген ал.
Асылбектин сөөгү өзүнүн кичи мекенинде жерге берилип, бир көчөго ысымы коюлган.
Барчын Мамытбекова