Асылбек Кожеков Афганистанга интернационалдык милдетин өтөөгө чакырылган кезде 18 гана жашта болгон. Артынан туяк калган эмес. Иниси Ильичбек Кожековдун айтымында баатырды кандайдыр бир кырдаал, учур жаратат.
«Афган жоокерлери, алардын эрдиктери 15-февралда гана эмес, ар бир күнү эскерилип, эрдиктери даңкталып туруш керек. Жазуучудан китеп калса, баатырдын артында өлбөс-өчпөс эрдиги калат. Мезгил жаңырат, эл жаңырат, муун жаңырат, бирок патриоттук сезим түбөлүк болуш керек. Аман-эсен кайтып келген жоокерлер силер кайтпай калгандар үчүн да жашашыңар керек. Ошон үчүн оорубагыла, аман болгула»,- деди.
Барчын Мамытбекова