«Соң-Көл» орто мектебиндеги жалпы мугалимдер жана 11-класстын окуучулары демилге көтөрүшүп, айылдын шартына ылайык көк теректерди атайын райондон алдырышып, мектептин айланасына отургузушту.
Жалпысынан «Жашыл мурас» акциясына ылайык райондук администрациясы тарабынан чыккан жарлыктын негизинде мектепке 30 гектарга чукул аянтка 226 түп көчөт отургузулду. Алардын ичинде кара карагай, мажүрүм тал, көк теректер бар. Окуучулардын жаш көчөттөрдү отургузушу бул жылы алгачкы жолу демилгеленип жатат. Толук маалыматты төмөнкү видеодон көрсөңүздөр болот:
Айпери Марлес кызы