Учурда социалдык медиа аркылуу жаралып жаткан “идеалдуу” образдар башкаларга таасирин тийгизип алардын көңүлүн түшүрүп, өзүнө болгон баасын төмөндөтөт. Психолог Алтынай Кариева ал аркылуу жашоону жеңилдетпей эле оорлотуп жатышканын айтат. Өзгөчө бул аялдарга, төрөп үйдө отурган учурларга тишелүү. Эмне үчүн мындай образдар жаралат жана аны кантип туура баамдай билүүгө болот?
Учурдагы технология заманында жашоо реалдуу жана виртуалдуу болуп бөлүнүп калды. Менин оюмча виртуалдуу жашоо басымдуу кылып калды окшойт. Ушул боюнча заманбап эненин образы дагы өзгөрө түштү. Социалдык медиада (инстаграм, фейсбук, вотсап) баарына жетишкен, бардык тараптан өнүккөн, бүт тармактан жетишкен аң -сезими дагы дене түзүлүшү талаптагыдай темир айымдын образын берип жатат. Ал эми көпчүлүк социалдык тармакты реалдуу турмуштагыдай кабыл алууда. Чындыгында бул андай эмес. Адамдар социалдык медиада жашоосунун 5-10% эле көрсөтүшү мүмкүн жана бул дагы көп учурда позитивдүү маалыматтар. Негативди, кемчиликтерди, кыйынчылыктарды алар көргөзбөгөнгө аракет кылышат же каалашпайт.
Социалдык медиадан көргөн образдар башка апаларда мен эмнеге андай кыла албайм, мен эмне үчүн жетише албайм, деген туура эмес үгүттөө болуп жатат. Чындыгында 100% идеалдуулукка эч ким жетишпейт, ага жетүүнун кереги деле жок. Мисалы үчүн бардыгы сонун, үй дагы жыйналаган таптаза, балдарыңыз дагы мыкты ар дайым 1-орунду ээлешет, ийгиликке жетишкен өзүңүз дагы жан дүйнө, дене дагы идеалдуу болуп жүрүүнүн кереги жок. Бардык нерсенин оң жана терс жактары болот. Бул нормалдуу көрүнүш. Эң башкысы баланста кармаш керек.
Медалдын бир гана бетин көрүп экинчи тарабын көрбөй жатасыз
Ар бир адамдын жашоосу индивидуалдуу. Деги эле ар бир адам индивидалдуу (өзгөчө, жекече) алардагы өзгөрүүлөр дагы башкача болот. Бир үй-бүлөгө иштеген ыкма экинчи үй-бүлөгө таптакыр эле туура келбей калышы мүмкүн. Ошондуктан социалдык медиада сабаттуу болуу өтө керектүү ыкмалардын бири. Ар бир көрүп жаткан нерсени чыпкадан өткөрүү керек. Анкени ал жактагы сүрөттөр ар кандай ыкмалар менен жасалган, кооздолгон же атайын жакшыртылып тартылган, маалымат дагы кичине кооздолгон болушу мүмкүн. Андыктан энелерге кайрылат элем: өзүңүздү кабыл алыңыз, эмоциянызды тааный аны айта билишиңиз керек, эмоцияларыңызды таанып, сезимдериңизди туура жеткире билиңиз. Бирөөнүн идеалдуу жашоосу бар деп ойлогондун кереги жок. Ал нерсе жок. Көңүлдүн барын башка бирөөлөрдүн жашоосуна эмес, өзүңүздүн жашоого буруп өзгөрүүлөрдү кичине кадамдан болсо дагы баштаңыз.
Психолог Алтынай Кариева өзү эле түйшүгү көп энелерге социалдык медиа жалган, өтө эле жасалма маалыматты таңуулап жатканын белгилейт. Баарына жетишкен мүмкүн эмес, анын кереги деле жок. Өзүңүзгө чарчаганга, эс алганга, кээде ыйлаганга, жинденүүгө уруксат бериңиз. Бирөөнү туурап «идеалдуу» болом деп, өзүңүздү жоготуп албаңыз деп эскертет. Мындай таңуулоолор бир гана аялдарга эмес өспүрүм кыздар, балдарда дагы түрдүү комплекстерди пайда кылат.
Аары болуу бул жашоодогу негизги милдетибиз деп түшүнөлү
Психолог: Жаш жубайларга өзүнчө жашоого мүмкүнчүлүк берген жакшы
Айгерим Кубатбекова