Төлөк айылында акыркы күндөрү боор оорусу менен катталып дарылынгандар, операция болгондор, оорунун кесепетинен каза тапкандар бар. Бул оору эмнеден улам көбөйүүдө? Чогуу изилдеп көрөлү!
Төлөк айылында малдын саны кескин көбөйүп боордун мите курт оорулары жылдан жылга өсүүдө. Бул оору малда гана катталбастан акыркы 5жылдан бери адамдарда да арбып, эхинококкоз оорусу менен ооруп дарылангандар, боорунун бир нече бөлүгүн алдыргандар, ал гана эмес каза болгондор да бар.
“Айылда канча адамдын боорунда жаныбарлардан жуккан мите курт бар экени белгисиз. Бирок кайрылып, боор оорусунун диагнозу коюлган адамдардын саны көбөйүүдө. Бул ооруну аныктоо үчүн алдын ала атайын медициналык кароодон өткөн тургундар жок. Болгону катуу ооруп,ооруканага кыйналып барганда гана эхинококкоз дарты бар экенин билип жатабыз”-дейт Төлөк айылындагы №10 үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Гүлбара Жакебаева.
Дарыгер: Гүлбара Жакебаева
Дарыгер Гүлбара Жакебаеванын айтуусу боюнча: “Эхинококкоз оорусунун башкы себеби мал союуда анын ички органдарында дарт бар же жок экендигин аныктабай пайдаланып жаткандыгыбызда жана ичүүчү сууларды кайнатпай колдонгонубузда. Ал эми малга биздеги саз сууларды ичүүдөн жугуп жатат. Саз сууларда мите курттар көп болот, эхинококкоздун жумурткасы көзгө көрүнбөгөндүктөн жугуу ылдамдыгы жогору. Малда мите курт пайда болгон соң, андагы мите курттар дароо боорго барып байыр алат, союлган малды боорун чала бышырып өзүбүз жейбиз же курт экен деп, иттерге таштайбыз. Мына ошондо иттерде да мите курт пайда болуп, ал 55-60 күндүн ичинде жетилип, заң аркылуу сыртка чыгат. А балдарыбыз болсо иттерди сылап, кучактап ойноп мите куртту жуктруп алат. Ошентип мите курттун жугуу цикли айланып жүрө берет. Андыктан боор оорусунун көбөйүшү суудан жана малдан болууда”, -дейт.
Дарыгер: Малдын боорун жана өпкөсүн колдонбоону сунуштайт
Ветеринардык врач Жедигер Тилебалдиев
Малдардагы мите курттарга кайдан жугуп жаткандыгын билүү үчүн Төлөк айылындагы ветеринардык врач Жедигер Тилебалдиевге кайрылганыбызда боор оорусуна саз сууларынан мал суу ичип, андагы мите курттар тез тарап жатканын айтып аны менен катар төмөндөгүдөй маалыматтарды берди:
“Эхинококкоз оорусу биздин малдарда көп кездешет. Анткени, биздеги малдар дээрлик саз суулардан суу ичишет. Саз суулардагы мите курттар көп, ага кошумча малдар саз жерлерде оттоп жүргөндүктөн алар ошол жерлерге заңдайт, анан суу аркылуу баардык малга текши жугат. Малдарды саздак жерлерге баргызбай күн сайын кайтарып жүрө албайбыз, бирок оорудан сактансак болот. Айыл эли бул ооруну жуктуруп алган соң аны дарылоо узак убакытты талап кылаарын, айыгууга кепилдик аз экенин, ошондой эле көп суммадагы акча кетээрин билип турушса да эмнегедир малдарды 3 ай сайын эмдөөдөн өткөрүүдөн качышат”, -дейт.
«Саз суу ичкен малдардын боору таза экенине кепилдик жок»-дейт мал доктур
Мал суу жээгине заңдаган соң ал суу менен тез тарайт
Суу маселесине келгенде, саздак суулар көп болуп, боор оорусунун күчөшүнө мал аркылуу жугаары белгилүү болду. Эми адамдар ичип жаткан суу, аты айтып тургандай эле “таза суубуз” кандай болду экен? Ушул суроого жооп алуу үчүн 2011-жылдан бери ИСКАКБ Көк-Тай булак Таза Суу боюнча айылдык коомдук бирикменин башчысы Салтанат Абласовага кайрылганыбызда ал төмөндөгүлөргө токтолду:
«Суунун тазалыгы 80% түзөт»-дейт Салтанат Абласова
“Айыл боюнча 500 абонент таза суудан колдонот. Калган калктын саны сарайларда жашагандыктан сууларды жерден матор менен сордуруп чыгарып алышкан. 2004-жылы АРИСтин долбоору менен “таза суунун” тетиктери толугу менен капиталдык оңдоодон өткөн. Андан бери чынын айтканда эскилиги жетип, айрым тетиктери жараксыз болуп чыгууда. Айрыкча сууну тазалап туруучу хлоратор тетиги аябай эски абалда турат. Айыл ичине таза суунун башаты мөңгүлөрдөн келет. Андан соң айыл башындагы сазга чогулат, ал жерден беш шакекчеден (кольцо) чыпкаланып, 1км алыстыктагы резервуарга келип түшөт. Ал жерден биринчи бачоктон тазаланып, экинчи бачокко куюлуп, андан ары 80см көлөмдөгү труба менен айылга тарайт. Эскерте кетчү жагдай бул суулар сазга чогулуп жаткандыктан, айрым тургундар суу таза эмес деп тынчсызданышы мүмкүн. Бирок, андай эмес, бул сууну ар бир мезгил сайын Кочкор районундагы санитардык эпидемиологиялык станциянын өкүлдөрү келип текшерүүдөн өткөрүп турушат. Алардын көрсөткүчү боюнча суунун тазалыгы 80% түзөт. Демек, боорго зыян келтирүүчү мите курттар бул таза сууда жокко эсе. Ошону менен катар айыл өкмөтүнөн жылына акча каражаты которулуп жаз жана күз айларында айыл тургундарын күн мурунтан кулактандыруу айтылып 3 күнгө сууну ичүүгө тыю салынып, токтотулуп, тазалоого алынат. Тазалаганда атайын суу тазалоочу хлор хлораторго салынып, тынымсыз агууга коё берилет», -дейт.
«Жогоруда айтып өткөндөй суунун хлотаторлору эскиргендиктен, айылдын ардактуу аксакалы Абдымамыт Садыков атанын балдары америкалык инженерлер менен келишим түзүп май айында толгу менен оңдоого белсенишип жатышууда. Демек, суунун тазалыгы мындан дагы жогорулап, боор оорусуна суубуздун тиешеси жок экени айкын болот» — дейт таза суу башчысы.
Мөңгүдөн келген суу ушул жерге чогулат. Бул жер мал кирбөө үчүн корулган.
Суу бул жерден тазаланып айылга коё берилет (резервуар)
Боор оорунун жугуу жолдорун изилдегенибизде, жакынкы арада борбор калаага барып, боорунан опперация болуп келген Айгүл Кармышбекова ооруну малдан жуктуруп алганын айтат:
“Мен январь айында ичим ооруп шаардагы ооруканага кайрылгам. Алар боордо мите курт бар экенин айтып эхинококкоз диагнозунун жеңил түрүн коюшту. Дароо опперация кылууну сунушташты. Үй бүлөөм менен кеңешип опперацияга макул болдум. Опперация ийгиликтүү өттү. Бирок бир нече айга чейин дары дармек колдонуп турууну сунушташты. Ооруканадан чыккан соң, үй бүлөөмдү толугу менен кароодон өткөрүштү. Кудайга шүгүр, алар таза чыгышты. Ал эми оорунун жугуу жолун изилдөө үчүн ичип жаткан сууну 3 жолу текшерүүдөн өткөрүштү, суу таза чыгып, бул дарт малдан жуккан деп тастыкташты. Ошондуктан, мен биздин суулар таза деп айта алам, болгону малдын өпкө-боорун жебөөнү сунуштайт элем, анан өздүк гигиенаны сөзсүз сакташыбыз керек”,-дейт.
Боор оорусуна чалдыгып, айыккан Айгүл Кармышбекова
Ошентип, тыянак чыгарганыбызда айыл тургундарындагы катталып жаткан боор ооруларынын көбөйүшү таза суу эмес, мал ичкен саз суулардан болуп жаткан экен. Бул саз суулардан кантип арылуу керек деген маселени чечсе болобу же өзүбүздү-өзүбүз ден соолугубуз чың болуш үчүн жаман илдеттерден сактанышыбыз керекпи?
Мал суу ичкен саз суулар
Бурул Майрамбек кызы