12-май эл аралык медайымдар күнү. 1974-жылдан тарта 141 өлкө биригип бул датаны белгилеп келишет. Нуриля Камчыбекова 28 жылдан бери бул кесипти аркалайт. Учурда №1-ооруканынын хирургия бөлүмүндө улуу мээрман болуп эмгекетенет. Анын айтымында кандай гана абалда келген бейтап болбосун үйүнө жакшы маанайда узаганы алар үчүн майрам.
Нуриля Камчыбекова бала кезинен бул кесипти аркалоону самап келген. Кичинекей кезинде куурчактарын даарылып ойноп, дарыгер болууну көп кыялданчу. Ата-энеси дагы бул кесипти аркалашын каалашкан:
“Адам өмүрүнүн, ден-соолук сакчылыгында турган түмөн түйшүктүү жолдору узак татаал кесипти кимдер гана тандагысы келбесин. Бул өтө ардактуу, кадырлуу кесип. Мен бул кесипти тандаганыма эч качан өкүнбөйм жана өтө сыймыктанам.”
“Бул кесип мени чоң жолго салды. Деги эле өмүрдөгү өз миссиямды, жашоодогу так кызматымды аткарууга үйрөттү. Мен бул кесип менен бир гана кесиптин ишимде эмес жашоодогу максатымды үйрөндүм. Бул жерден адамдар менен тил табышууну бир күндө миңдеген, жүздөгөн адамдар менен иштешүүнү ошол эле бир убакта бир канча жумушту аткарууну, сылык сыпайы мамиле жасоону ошондой эле жалпы жамаат менен иштөөнү, шакирт таптоону ар бир бейтаптын көңүлүн табууну үйрөндүм.”
“Мактоолор, алкоолор менен бирге эле даттануулар дагы түшүп турат. Алардын ар бири менен туура багытта иштөөгө алардын көңүлүн оорутуп албоого аракет кылабыз. Эгерде биз өз ишибизди так аткарып жаткан болсок, ар бир бейтаптын тилин таап жакшы мамиледе иштешип үйүнө жылуу узатып койгон болсок, кандай гана абалда келбесин куландан соо узатканыбыз биз үчүн майрам. Алардын көзүдөрүндөгү жакшы нурду, жашоого болгон кызыгууну айыгып келатканын, үйүнө чыгып баратканын көрүп өтө кубанычта болобуз.»
Айгерим Кубатбекова