«Ынтымактуу жашоо» долбоорунун алкагында «Келечекке кадам» долбоору Кочкор айыл аймагындагы мектеп окуучулары арасында 2 айдан бери өтүп жаткан тренинг окуулар жөнүндө маалымат алдык.
Тренинг учуру
«Демилгелүү жаштар» коомдук фонддун директору, Ишенаалы Арабаев атындагы мектеп гимназиянын орус тил жана адабият мугалими Салтанат Бараканова «Келечекке кадам» долбоору боюнча маек куруп берди.
«Демилгелүү жаштар» КФ директору Салтанат Бараканова
Кочкор районунун мектеп окуучулары арасында анкета аркылуу суроо берүү жолу менеен 40 окуучу тандап алып «Келечекке кадам» тренинг окууларды баштадык. Анын ичинде лидерлик, саясат, медиа боюнча окуулар жүрүп жатат, ошону менен бирге тренерлик сапаттарды өнүктүрүп жатабыз.
Тренингдин максаты: окуучулар өзүлөрүнүн жашындагы жаштарга тренинг өтүү жана маалымат жайылтуу.
Долбоор жөнүндө айтып кетсем негизги каржылоо Кыргызстандагы Albert International Эл аралык коом тарабынан жүргүзүлөт. Долбоордун негизги максаты Конфликттик сезимталдыкты жана тынчтыкты курууну эске алуу менен массалык маалымат каражаттары аркылуу саясий агартуу болот.
Долбоор боюнча Кочкор, Чекилдек, Кум -Дөбө, Кош -Дөбө, Исакеев, Жаңы- Жол айылдарынын мектеп окуучуларын тандап алып иш жүргүзүп жатабыз. Баш аягы долбоорго 8 мектепти камтыйбыз.
Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиянын окуучусу Мирлан кызы Бермет
Долбоордун активдүү катышуучусу Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясынын 11- классынын окуучусу Мирлан кызы Бермет өзүнүн ойлору менен бөлүштү:
«Башында, окуулар башталганда өзүмдө ишеним сезими жок болду, бирок долбоорго келип тренингдерге катышып, окуп баштаганда жашоомдо көп өзгөрүүлөр болду. Эң негизгиси бул эл алдында эмоциялык тоскоолдуктарды жеңип, жашоом жакшы жакка бурулуп, колумдан келет деген ишеним пайда болду.
Тренингден пайдалуу жана абдан керектүү маалымат алуудабыз. 16-17 жаштагы жаштар үчүн абдан маанилүү темаларды окутуп жатышат, анын ичинде: Шайлоо, Жогорку Кенеш, бийлик баскычтары ж.б.
Ошону менен 40 окуучунун келечекке ою, кадамдары өзгөрдү десек болот. Мурун кайда барам, эмне кылам деген суроолор пайда болчу, азыркы учурда ушул суроолорго жооп бере алып, жашоом жеңил болуп калды. Окуучуларга тренинг өтүп жатабыз, кайтарым байланыш абдан жакшы болуп жатат. Эң башкысы тренерлерге, уюштуручуларга ыраазычылык билдиргим келет, эгерде бул адамдарга жолукпай калганда биздин дүйнөгө болгон көз карашыбыз өзгөрбөй, максаттарыбыз көздөгөн жерине жетпей калмак.
Келечекке койгон максаттарымдын бири чет элдик компаниялар менен долбоор жазып, иш алпаргым келип жатат. Бул долбоор жашоомду өзгөрткөн эң чоң кадамдар болду деп эсептейм».
Турсун Темиров орто мектебинин окуучусу Байышбек уулу Сыймык
Жаңы- Жол айылындагы Турсун Темиров атындагы орто мектебинин 11- классынын окуучусу Байышбек уулу Сыймык дагы ийгиликтери менен бөлүшүп кетти:
«Буга чейин долбоорлор боюнча эч кандай түшүнүгүм жок болчу. Окуулар мезгилинде көп нерселерди үйрөнүп, өзүбүз мектеп менен долбоор жазып көрдүк, буюрса долбоорубуз өтүп, эми компьютер классы, спорт аянтчасы жана футбол аянтчасын жаңылоо долбоорлорубуз ишке ашканы турат.
Долбоор жашоомдо эң башкысы келечекке ишеним, кызыгуу пайда кылды жана максаттарды туура коюуга үйрөттү.
Нурия Карымбаева, Максатбек кызы Азиза