Аялзатын бардык жерде эле күчкө таандык болбогон аруулук, назиктик менен байланыштырышат. Бирок ар бир аялда күч жана өжөрлүк бар экенин Кочкор айылынын тургуну далилдеп берди. Бүгүн биз өзүнүн чач тарач салону жана адамдык эң жакшы сапаттары менен элдин сүймөнчүлүгүнө татыган Кымбат Маменова жөнүндө кеп курмакпыз.
Ийгилик-бул ар дайым эле оңой эмес. Ага акыл-эстин күчү жана тажабаган өжөрлүк менен жетүүгө болот деп «Галия» салонунун ээси жана ишкер айым Кымбат Маменова сөзүн баштады.
Өзүм Кочкор районундагы Тендик айылында туулуп өскөм, азыркы учурда кызым экөөбүз Кочкор айылында жашайбыз. Чач тарач тармагында эмгектенгенимге 25 жылдын жүзү болду.
Башында чач тарач үчүн имаратты ижарага алып иштетчүмүн, кийин алдыма максат коюп, жер тилкесин алганга аракет кылып жүрүп максатыма жеттим.
Салонду куруп баштаганда коопсузданып жүрдүм, бирок элдин, тааныштарымдын, кардарларымдын жардамы менен тез эле имараттын дубалы туруп калды. Ички интерьерин өзүмдүн табитим менен жасалгалап чыктым.
Алдыда көп пландарым бар, бирок эң негизги кыялым Кочкор айылынын борборуна заманбап сулуулук салонун ачсам дейм. Анткени, жакшы көргөн ишиң менен алектенүү эч убакта эрте жана эч убакта кеч эмес деп ойлойм.
Келген айымдарга бүт кызматтарды көрсөтүп, көптөгөн адамдарды иш орундар менен камсыз кылсам деп кыялданам.Чач кырккандан тышкары, кол өнөрчүлүк хоббим бар, бул шурулардан ар- кандай бижутерияларды жасоо жана үй эмеректерин кооздоо менен алектенем.
Өзүмдүн ишимди мыкты билсем дагы, өзүмдү дайыма өнүктүрүп келем,ар кандай семинар, курстарга барып, жаңы чач кыркуу техникасын, боектордун ассортиментин тез -тез алмаштырып жана жаңыртып турганга аракет кылам.
«Өз ишин баштоо эч убакта кеч эмес»-деген ураан менен жашап келем деп өзүнүн сөзүн Кымбат Маменова жыйынтыктады.
Ошондой эле «Галия» чач тарач салонуна келген кардар айымдар менен маек курдук.
«Өзүм Кочкор айылынын тургуну болом, аты -жөнүм Роза Жаанбаева, Кымбат көп жылдан бери мастерим болуп келе жатат. Салонго келип консультация алам, чачымды боетуп, кестирип турам. Бул салонду тандаганымдым себеби: ичи таза, ынгайлуу шарттары менен жана мастердин тажрыйбасы бар болгондугу, мени ушул салондун кардары болуга буюрду».
Кийинки кардар Кара- Тоо айылынын тургуну Шарапат Абдымамбетова өзүнүн жеке пикири менен бөлүшүп кетти:
«Салонго 5 жылдан бери келип, кызматын көрөм, анткени Кымбат чачымдын өзгөчүлүктөрүн жакшы билет жана ар кандай чач жасалгасын кылып берет. Кээде жок болуп калса, капа болуп айла жок башка чач тарачка барганга аргасыз болом».
Биз отуруп интервью алгыча Кымбаттын кардарлары келип атып, кезек болуп калды….
Канайым Мирланова, Асема Молдошева, Мадина Жокенова