Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү орто мектептин 61 мугалими заманбап окутуунун ыкмаларын бекер үйрөнүштү. Окутуу райондук билим берүү тарабынан уюштурулуп, ар бир мектептен үчтөн мугалим катышты.
Мугалимдер тапшырмаларды жигердүү аткарышты
Визуалдык контент ыкмасы
Интерактивдүү экзамен ыкмасы
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу Бактыбек Исаковдун айтканына караганда өлкө боюнча 500 гө жакын мугалим окутуулардан өттү.
Бактыбек Исабеков- «Манас Түрк» Университетинин окутуучусу
«Облустарга жерине барып өттүк. Окутуу акысы оффлайн түрүнө 1000 сом, ал эми онлайн дагы окутабыз, ал 800 сом турат. Сертификат берилет. Окуучуну шыктандыруу, таанышуунун ыкмалары, интерактивдүү экзамен сыяктуу ыкмаларды үйрөнүштү. Азыр эми окуучуларга заманбап ыкмаларда, натыйжалуу сабак өтүү керек. Коомдун өнүгүшүнөн артта калбай, заман менен кошо жарышып билимин өркундөтүп, тереңдетип туруу мезгил талабы»,- дейт.
Мындан сырткары жай мезгилинде Онлайн Университети тарабынан мугалимдер үчүн жайкы лагерь уюштуруларын кошумчалады.