14- май Эл аралык медайым жана фельдшер күнүнө карата Суусамыр айылында медайымдар жана фельдшерлер арасында спорттук таймаш болуп өттү. Иш-чара ар кандай оюн-зоок жана суроо жооп тапшырмалары менен коштолду. Оюндун натыйжасында эки тарап теӊ жыйынтыктоочу балл чогултуп, эки команда теӊ жеӊишке жетишти. Таймаштын соӊунда оюнчулар грамота менен сыйланышты.
Сыйлык тапшыруу аземи
Иш-чаранын соңунда айрым катышуучуларды күтүүсүздөн келген сыйлыктар кубандырды:
Оюндун соңунда Суусамыр айылдык ооруканасынын башкы даарыгери Бурулкан Турсунбекова менен маек курдук:
— Саламатсызбы? Бүгүнкү иш-чара ким тарабынан уюштурулду?
— Бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучусу Суусамыр айылдык ооруканасы өзүбүз болдук. КРПМБА тарабынан каржыланды. Бүгүнкү мелдешти уюштурганыбыздын себеби, көңүлдөрүн көтөрүп, жакшы маанай тартуулоо болду.
-Иш-чаранын жүрүшү туурасына кененирээк токтолсок…
-Таймаштын программасына токтолсок анда аркан тартышмай, топ салмай, кол күрөш ушу сыяктуу оюндар болду анан жыйынтыгында өздөрүнүн ишине байланыштуу тест дагы алдык.
-Иш-чаранын соңунда катышуучулар көптөгөн белектерди алышты, арасынан төш бели алгандар дагы болду, ошо тууралуу айта кетсеңиз?
-Грамоталар өзүбүз КРПМБА тапшырдык жана ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан эки медайымыбыз «Саламаттыкты сактоонун отличниги » деген наам менен сыйланышты. Дагы бир мед айымыбыз медайымдар ассоциациясы тарабынан «Улуу мед айым» деген төш белгиси менен сыйланды.
-Бүгүнкү таймаш сизге кандай таасирин калтырды?
— Эң жакшы болду. Кыздарыбыздын дагы көңүлдөрү көтөрүлүп, жакшы маанайда кетип жатабыз.
-Маегиңизге рахмат!
Айтурган Кушкарбекова